Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №22/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин №01-18/126-буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан «Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө Жобону» жана комиссиянын курамын бекитип берүүнү суранган Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 2018-жылдын 18-декабрындагы №428 сандуу билдирүүсүнүн негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Жобо бекитилсин (тиркелет 7 баракта).
2. Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
2.1 Комиссия 7 (жети) кишиден түзүлсүн:
Алар:
Ажыбаев Абдыкапар – айылдык кеңештин депутаты.
Ибраимов Смайыл - айылдык кеңештин депутаты.
Карчыгае Абдылда – муниципалдык кызматкер.
Сооронбаева Гүлжан - муниципалдык кызматкер.
Барпиев Уметалы - муниципалдык кызматкер.
Жумабеков Апсалам – жарандык коомдун өкүлү (макулдашылды).
Нурматов Бообек - жарандык коомдун өкүлү( макулдашылды).
3. Комиссиянын курамы Жобого ылайык өзүнүн уюштуруу отурумун 2018-жылдын 30-декабрына чейин өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
| Авлетим айылдык Кеңештин сессиясынын «20» 12.2018-жылдын №22/1 токтоллуна 1-тиркеме
|
Авлетим айылдык өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
1.Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүнде Кодексинде ( мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын ( мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктаган типтуу жобонун негизинде иштелип чыгып Авлетим айыл аймагынын чегинде иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Комиссия айылдык Кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин чечими менен бекититилет.
4. Комиссия ез ишмердүүлүгүндо Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексин, башка ченемдук укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап айылдык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын терагасынын, терагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;