Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №155
Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык «Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө» маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» негизинде Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 1-февралындагы №3, №5 жана 11-февралындагы №11 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 1 127 634,0 миң сом, 2020-жылга болжолу 1 172 311,0 миң сом жана 2021-жылга болжолу 1 232 345,0 миң сом суммасында 2, 3, 4 жана 5- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2019-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекеме ишканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар 7-тиркемеге ылайык каралсын.
6. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн төлөнүүчү компенсацияга субсидия 15 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Бүткүл дүйнөлүк, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банктары аркылуу алынган кредиттерди жоюуга, ошондой эле Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоциацияларга мүчөлүк акы төлөөгө 67 000,0 миң сом акча каражаты каралсын.
8. «Ош жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына 19 620,0 миң сом субсидия Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилген ссуданы төлөө үчүн каралсын.
9. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга 10 сом эсебинде) жана өз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) милдеттендирилсин.
10. Шаардагы мектептердин мугалимдеринин, бала-бакчалардагы тарбиячылардын жана шаардагы медицина тармагында эмгектенген медайымдардын, санитаркалардын коммуналдык төлөмдөрүнө женилдиктер үчүн айына бир кызматкерге 300 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
11. Ош шаарындагы педиатр врачтардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктер үчүн айына бир кызматкерге 500 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №157 токтому менен бекитилген Жобонүн 13-пунктуна ылайык, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге жана транспорт чыгымдарына бир кызматкерге айына 1 000 сомдон бекитилсин.
13. Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына акча каражаты 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин жана башка максаттарга бөлүнгөн акча каражаттарын туура жана так колдонуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
15. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
16. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылоолор 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. 2019-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 12 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
18. Ош шаарынын мэриясына (Т. Сарыбашов):
-жергиликтүү бюджеттен мекеме-уюмдарга берилүүчү субсидия түрүндөгү акча каражатынын көлөмүн кыскартуу үчүн муниципалдык мекеме-уюмдардын өздүк кирешесин көбөйтүү боюнча тиешелүү иш-аракеттерди камсыз кылуу;
-Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган акча каражаттарын максаттуу каржылоо;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын 2019-жылга түзүлгөн титулдук баракчаларында курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында так жана толугу менен аткаруусун камсыздоо милдеттендирилсин.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Э.Чоюнов), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгына (О.Торобаев) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) 2019-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бөлүктөрүн (ар бир түрү боюнча) толугу менен өз убагында сапаттуу аткаруу милдеттендирилсин.
20. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялсын (А.Эргашева).
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|