Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы №19/4
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өмөтʏнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берʏʏнʏн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык , негиздерин ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтʏʏ өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктуна жана «Жергиликтʏʏ өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекттик ыйгарым укуктарды берʏʏнʏн тартиби жөнʏндө мызамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талаа –Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлʏмʏ тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өмөтʏнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берʏʏ жөнʏндө келишими бекитилсин
2. Талаа-Булак айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруну айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө 1. Келишимдин тараптары 1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн (мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген органдын толук аталышы) атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө жобонун негизинде иштеген (аты-жөнү) "Замирбек уулу Жакшылык" биринчи тараптан жана Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын толук аталышы) атынан Талаа-Булак айыл өкмөтү жөнүндө (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы) жобонун негизинде иштеген (аты-жөнү) "Жолдошбек уулу Белекбек" экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин шарттары 2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Талаа-Булак айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө; “Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”. “2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт. 2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Талаа-Булак айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кабыл алат. 2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин республикалык бюджетинен борборлоштурулуп бөлүнөт. 3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери 3.1. Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу: | |||