Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №18/2
Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентинин негизинде иштелип чыккан “Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламентин» талкулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламенти» бекитилсин
2. Айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аксакалдар соттору регламенте көрсөтүлгөн талаптарды сакташсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
| Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын 28.12..2018-ж ХVIII-сессиясынын № 18/2 токтому менен бекитилген
|
Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. Жалпы жоболор.
1.Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыкты Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жѳнгѳ салат.
2.Аксакалдар соту- бул ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана ѳз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жѳнѳтүүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте кароону жүзѳгѳ ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3.Аксакалдар сотунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлѳ Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ Кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ Кодекси, Жоруктар жѳнүндѳ Кодекси), Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ» Мыйзамы түзѳт.
4. Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчѳсү - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткѳн жалпы орто билимге ээ, кѳрсѳтүлгѳн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айыл калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жѳндѳмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчѳсүн чыгарып салуу – талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчѳсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептѳѳгѳ негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчѳсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтѳн экисинен кем эмес мүчѳсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап – жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндѳгү чыгарылган токтому.
Таасир кѳрсѳтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндѳ күнѳѳлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.
5. Аксакалдар соту жылына бир жолу – июнь айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди (материалдарды) кабыл албайт, карабайт.