Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-январы №16/1
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизиннде Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 16 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Г.Каналиева |
|
|
| Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-январындагы №16/1 токтому менен бекитилген
|
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтуу жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
З. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда 7 (жети) адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Жергиликтуу кецеш тарабынан бекитилуучу Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;