Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №16-2
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси боюнча, айылдык аймактагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын жана алардын ишинин тартиби боюнча жобосун бекитүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18 / 126 – буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону негизинде Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө комиссиянын ишинин тартиби боюнча жобо бекитилсин.(тиркелет)
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы 7 адамдан болуп, төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1). Абдулазимов Улугбек Азизуллаевич комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты,
2). Мансуров Инамидин Орунбаевич комиссиянын төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты,
3). Исаков Айбек Таирбекович - комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн жер адиси,
Комиссиянын мүчөлөрү:
4). Умаров Алишер Усанбаевич - айылдык кеңештин депутаты,
5). Сайдалиев Бакытбек - айыл өкмөтүнүн юристи,
6). Мадалиев Хамидулла Аманулаевич – айыл өкмөтүнүн жер, айыл өкмөтүнүн жер адиси,
7). Айыл башчылар (каралуучу маселе тийиштүү болгон айылдын айыл башчысы)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Сатвалдиев |
| Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 25.12.2018-жылдагы XVI сессиясынын 16-2 токтому менен бекитилди Төрага _____________Д.Ствалдиев
|
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;