Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №39
Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын Типтүү Этикалык кодексин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын Типтүү Этикалык кодекси бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |
| Чангет айылдык Кеңешинин 2018-жылдын “27” _ноябрындагы № 39 токтомуна тиркеме
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.