Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №2
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арстанбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга 14128,2 миң сомго, 2021-жылга 14163,2 миң сомго жергиликтүү бюджеттин кирешелери, ал эми 2020-жылга 7762,4 миң сомго, 2021-жылга 7394,6 миң сомго теңдөө грантынын божомолу бекитилсин.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арстанбековдун билдирүүсүн эске алып , 2019 – жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 15962,2 миң сомго, атайын каражаттардын суммасы 1218,0 мин сомго, жалпы 17180,2 миң сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тендөө грантынын көлөмү 2019-жылга 7938,5 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 17180,2 миң сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. КР Өкмөтүнүн 20.06.2018-жыл № 208-Б буйругуна ылайык 2019-жылга электр энергиясынын 479,7 кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
6. 2019-жылга башкаруу болумунун чыгымдары № 5 тиркемеге ылайык ар түрдүү чыгымдар суммасы 1354,1 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоого 100,0 миң сом, чарбалык буюмдарды алуу чыгымдарына 100,0 мин сом, машиналарды жабдууларды алуу чыгымдары 30,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 08,07,2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде Кок-Арт айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 23 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7 августундагы № 466 токтомунун негизинде 4434,6 миң сом № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы үчүн бир айга 240 литр бензин № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 159,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
10. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизотикалык абалды оз денгээлинде кармоо учун вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,оз убагында чара көрүүгө кутурма ооруларга ит мышыктарды атууга 20.000 миң сом акча каражат каралсын.
11. КРОнун 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде , жергиликтүү кенештин төрөгасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндөгү“ мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48 беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2019-жылга жалпы кирешеси 500,0 миң сомго, анын ичинен жер салыгы 77,0 миң сом , жайыт үчүн төгүлүүчү 423,0 миң сомду түзүп, чыгашасы № 8 тиркемесине ылайык бекитилсин. Жайыт жерлеринин ижарасынын соц фондко чегерүүлөрүнүн акысы, жайыт пайдалынычулар өздөрү чогуу белгиленсин.
13. 2019-жылга ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесиндеги чыгымдар № 9 тиркемеге ылайык 6633, мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР өкмөтүнүн 19,01,2011-жылдын № 16 токтомунун негизинде кармалсын. Эмгек акысы 387,3 миң сомго, соц фондко чегерүү 66,9 миң сомго № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин
15. 2019-жылга китепкана бөлүмүнүн чыгымдары 247,3 миң сом №11 тиркемеге ылайык маданият бөлүмүнүн чыгымдары 222,9 миң сом №12 тиркемеге ылайык .
16. 2019-жылга билим беүү болүмүнүн тамак аш алууга 545,0 миң сом №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. “Ак-Тилек 2” балдар бакчасына ата энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы учун 1218,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары № 14 тиркемеге ылайык казыналык система аркылуу жумшоосу бекитилсин.
18. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептердин мугалимдерине КРнын мыйзамдарына ылайык жаш мугалимдердин айылга келип иштешине ар тараптуу шарт түзүп жана жардам берүү максатында аларга турак жай куруу учун кезексиз конуш ажыратылып, жаш мугалимдерге жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып 6500 (алты мин беш жуз) сомдон жөлөк пул ( подемный) төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Элге,камиссиянын чечими менен социалдык жардам бөлүмүнө 300,0 миң сом №15 тиркемеге ылайык бекитилсин .
19. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
20. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
21. 2019-жылга статистерге айлык акыга келген акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгаша болугуно тактоо киргизилсин.
22. Айыл өкмөтүндө 2019-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен сессияга сунушталсын.
23. Бюджеттин тартыштыгын эске алып мекеме ишканаларга 170 тонна көмүргө 751,0 миң сом, электр энергияга 656,6 миң сом , М Орозалиева мектебине ашкана ондоого 1100,0 миң сом, Маданият үйүнүн ичин оңдоого 500,0 миң сом , жалпы 3007,6 миң сом акча каражатын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгы аркылуу суралсын.
24. 2019- жылда пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган жана МСА эл.порталынан үнөмдөлгөн каражаттыр Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине 1 болүмүнүн 3 пунктуна ылайык айылдык Кенештин чечиминин негизинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
25. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
26. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко жүктөлсүн.
27. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
28. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
29. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |