Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген «Бузуулар жөнүндөгү» кодексинин талаптарын аткарууга алуу жана айыл өкмөтүнүн аймагында бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү» кодексинин 313-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндөгү» кодексинин 313-беренесинин 3-пунктунун талаптары аткарууга алынсын/
2. Ынтымак айылдык кеңешинин алдындагы бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү Жобосу жана комиссия курамы бекитилсин (тиркеме тирке-лет)
Тѳрага | А. Абдикулов |
| Ынтымак айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 2018-жылдын 29-декабрындагы 17-сессиясынын № 2 токтому менен бекитилген |
Ынтымак айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Ынтымак айыл өкмөтүндө комиссия түзүүнүн жана ал комиссиянын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия айылдык кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет жана жыл сайын 15-январдан кеч эмес,өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап айылдык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо, жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссия курамын түзүү жана комиссиянын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиби.
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн бузуулар боюнча комиссиясынын курамы 9(тогуз) кишиден,комиссиянын төрагасы,төрагасынын орунбасары,катчысы жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлсүн.
2. Төмөнкү тизмеге негиз комиссия курамы түзүлсүн. (тизме тиркелет).
3. Комиссиянын ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча иштери 2019-жылдын 1-янврынан башталсын.
4. Иштеп жаткан комиссиянын ыйгарым укуктарын аткаруу,айылдык кеңештин токтому менен жаңы курамдын бекитилген күнүнөн токтотулат.
5. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулат: