Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №9
Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн 2019-жылдын 16-январындагы №01-04ү8 сандуу каты-нын негизинде Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу укуктук маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары ме-нен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Абдикулов |
| Ынтымак айылдык кенешинин 2018-ж. «29» декабрындагы №10 токтомуна тиркеме |
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликт алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары мамлекеттик статистика органы деп аталуучу Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүн жөнүндө Жобонун негизинде иштеген жетекчи Зулпукааров З.Ш. биринчи тараптан жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары өз алдынча башкаруунун аткаруу органы” деп аталуучу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жобонун негизинде иштеген башчысы Жоробеков Н.А. экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык
Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Ынтымак айыл өкмөтүнү статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана түшүмдү дүү жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө;
“Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөнтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.
“2-тиркеме Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.
2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Ынтымак айыл
Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.
2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт.
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери