Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры №87
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын бузуулар боюнча комиссиясынын, курамын түзүү жана жана иштѳѳ тартибин,анын мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктарын аныктоо максатында,Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 10-октябрындагы №01-18/26 буйругу менен бектилген Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳгү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жѳнүндѳ” Типтүү жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын16-беренесинин негизинде, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл Өкмѳтүнүн бузуулар боюнча комиссиясынын жобосу бекитилсин.(Тиркеме-1)
2. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмѳтүнүн 2018-жылдын 27-ноябрь №01-12/№299 буйругу менен бекитилген бузуулар боюнча комиссиянын курамы колдоого алынсын.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Депуттык иш,этика,мыйзамдуулук,укук коргоо,аскердик тарбия,спорт жана жаштар маселеси боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Абдрахманов |
|
|
| Чон-Сары-Ой айыл окмотунун 2018-жылдын 4-декабрындагы №87 токтому менен бекитилди
|
Чон-Сары-Ой айыл окмотунун бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары кодекс)каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын(мындн ары комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин карайт.
2. Комиссия жергиликтү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүу кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндөКыргызх Республикасынын конституциясын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүу кенештин алдында отчет берет.Комиссия жыл сайын 15- январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүу кенешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүулүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралагн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комисся так санда 5-11 адамдан,комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын,катчысынынн жана мүчөлөрунун куамында түзүлөт.
09.Жергиликтүу кенеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;