Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/1
"Каракол шаарын 2016-2020-жж. өнүктүрүү стратегиясын" бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин "Каракол шаарынын 2016-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясы жөнүндөгү" маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каракол шаарын 2016-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясы" бекитилсин (тиркелет).
2. Каракол шаарынын мэри, "Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын", толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен, кезектеги сессияга киргизсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
| Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2016 жылдын 01 декабрындагы № 27-11/1 токтому менен бекитилди
|
Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга өнүгүү
СТРАТЕГИЯСЫ
Мазмуну
Кириш
Каракол шаарынын 2016-2020-ж карата өнүгүүсүн алдын ала көрүү
SWOT анализдөө
Шаардын өнүгүүсүнүн проблемалары
Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык максаттары
Артыкчылыктуу багыттар, кыйынчылыктар жана механизмдер
Иш чаралар планы
Ресурстар
Тобокелдиктер жана азайтуу жолдору
Мониторинг жана баалоо
Тиркемелер
КИРИШҮҮ
Каракол шаары, Ысык-Көл областынын борбору. Республиканын күн чыгыш бөлүгүндө жайгашып, борбор шаар Бишкектен 400 км аралыкта жайгашкан.
Каракол шаары деңиз денгээлинен 1690-1770 метр бийиктикте жайгашкан. Каракол шаары Чүй өрөөнүнөн Кашгарды көздөй кеткен кербен жолундагы согуштук-башкаруу жана соода борбору катары түзүлгөн.
Каракол шаары А.В.Каульбарс башкарган экспедициянын (Каракол суусунун Ысык-Көлгө куюла турган 2 км аралыктагы жегинде) географиялык шарттарды изилдегенден кийин жана жергиликтүү калктын сунушу боюнча тандалган жер болуп эсептелинет.
Бүгүн Каракол шаары Кыргызстандын маанилүү туристтик борбору болуп тоолору, карагайлуу токойлору жана Ысык-Көлү менен уникалдуу жаратылыш комплекси бар шаары болуп саналат.
2016-2020-ЖЫЛДАРГА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН МАКСАТТАРЫ
Каракол шаары келечекте:
- коомдук маданий, руханий, илимий жана Кыргызстандын интелектуалдык шаары;
- салымдар (инвестиция) үчүн жагымдуу аймак;
- кыш-жай, эко-туризм жана туризмдин борбору;
- спортчуларды машыктыруу жана чогултуу борбору.
SWOT АНАЛИЗДӨӨ
S (Күчтүү жактар) Шаардын тарыхый жана маданий мурасы Туризмди өнүктүрүү потенциалы Спорт жагынан өнүккөн шаар Ар түрдүү маданияттуу Калктын басымы жаштар Лыжалык курорт Ашлянфу Зоопарк Инженердик инфраструктура Областтык борбор Мал базар | W (Алсыз, начар жактар) Кечип өткөндөй башка шаар жок жайгашкан Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу Тургундардын кайдыгер мамилеси Комуналдык кызматтарга начар төлөнүшү Жылуулук берүүнүн начарлыгы Жарыктандыруунун начарлыгы Кызмат көрсөтүүнүн начарлыгы Кир, ыплас шаар Жумушсуздук Инфраструктуранын начар абалы Жалгыз тоо лыжа базанын болушу |
O (Мүмкүнчүлүктөр) Насыя берүүчү мекемелердин болушу Уникалдуу жаратылыш шарттары ЖӨБО | T (Коркунучтар) Таштандылар Иче турган суунун жетишсиздиги Геосаясий жагдайдын өзгөрүшү Миграция Улуттар аралык уруш-талаштар Экологиялык тобокелчиликтер |
АРТЫКЧЫЛЫКТАР
Экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн азыркы учурда тышкы жана ички инвестицияларды тартуу жана күч аракеттерди топтоштуруу менен приоритеттүү экономикалык 2 тармакты өнүктүрүү.
2015-жылы тартылган инвестициялар:
Шаардын социалдык өнүгүү тармагына “АРИС” долбоорунан 40,0 миң АКШ доллары алынып, Пристань айылчасына жана Каракол шаарынын стадионунун жанына балдар аянтчасы курулууда.
Швецариялык долбоор боюнча “Суу-Түтүк ишканасына 2 “Газель” үлгүсүндөгү автомастерской автоунаалары жана АБР долбоору боюнча 2 кытай үлгүсүндөгү сордуруучу (ас машина) жана үйлөөчү автоунаалар алынып келинди.
АБР долбоору аркылуу “Тазалык” ишканасына 2 кытай үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу автоунаалар алынып келинди.
Каракол шаарынын «Фаир» жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында накта шире чыгаруучу завод 8201,0 миӊ сомго ишке киргизилди.
Юнисеф долбоорунун колдоосу менен балдарды коргоо борбору ачылган, ЮНИСЕФ тарабынан 2,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 500 миӊ сом бөлүнгөн. Мынданы тышкары ХелсПром Гуд портнер коомдук уюмдарынын колдоосу менен 1,5 млн сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен 400 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жана эрте кийлигишүү борбору ачылган.