Редакцияот 23.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясы

 

2016-жылдын 23-майы № 29/1

«Кароол айыл аймагындагы жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө »

Кароол айыл аймагынын аймагында жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салу максатында, аталган маселе Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жайыт жөнүндөгү Мыйзамынын 2,3-1, 10- беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамын жана Кароол айылдык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин.

2. Кароол айыл өкмөтүнүн башчысына төмөнкүлөр сунушталсын;

- Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башка максаттарга пайдалануу боюнча ишинде Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө жобону колдону;

- Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартибинин сакталышына көзөмөлдүү күчөтүү;

3. Жайыт комитетинин төрагасына;

- айыл аймагындагы Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт жерлерин көзөмөлдөөнү эсепке алып, өз убагында жайыт төлөмдөрүн алуу милдеттендирилсин;

- жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү жободо көрсөтүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүү жагы тааныштырылсын;

4. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясына ( Анаркулов Т.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Акматалиев