Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 22-январы №22/7

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 29-ноябрында Красный Восток айылдык кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө токтомунун 2-бөлүмүнүн 14-пунтунун негизинде,  Красный Восток айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Красный Восток айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди карообоюнча комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Закиров Бактыбек Кокумбаевичтин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамынан чыккандыгына байланытуу, бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына Красный Восток айыл аймагынын адиси – Эсенгулов Мэрлист Урматович киргизилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестринде катталган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрайым

 Чокморова. М. А