Загрузка документа…
КРАСНЫЙВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 10/1
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313- беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14- апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, ”Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин буйругун ишке ашыруу максатында Красный Восток айылдык Кеңешинин отурумунун
ТОКТОМУ:
1. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралу жобо №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын комиссиясынын персоналдык курамы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссия тууралу жобо Красный Восток айыл аймагынын электрондук сайтында жайгаштырылсын. (www.kr-ao.kg).
4. Красный Восток айылдык Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралу” Жобосу Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин аймактык бөлүгүндө каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага | Б. Закиров |
Красный Восток айылдык
Кенешенин Токтому менен бекитилген №10/1 2018-ж. 29 .11
______________Б.Закиров
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиясы жөнүндө.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.