Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 25-октябрындагы № 579
«Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Левина Т.В., Бадыкеева Н.Н., Скрипкина Г.А., Бекешев Д.Д., Бакир уулу Т. жана Кочкарова Э.А. тарабынан демилгеленген «Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-октябрындагы № 579 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева, Г.А.Скрипкина, Д.Д.Бекешев, Турсунбай Бакир уулу жана Э.А.Кочкарова тарабынан демилгеленген « Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоорунун 2, 5, 7, 9, 11, 18, 25-беренелери редакциялык жактан кайра иштеп чыгууну талап кылат. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 5-бөлүгү 5-берененин 2-бөлүгүн, ал эми 17-берененин 5, 6-бөлүктөрү 5-берененин 3-бөлүгүн кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесиндеги «өлгөндүн керээзи» деген сөздүн маанисин төмөнкү редакцияда берүүнү сунуш кылабыз: «өлгөндүн керээзи - тиги же бул жерде, тигил же бул каада салт боюнча, мурда өлгөн тигил же бул адамдын жанына коюлушу, патологоанотомиялык союуга алынышына макул же макул эместиги жөнүндө, анын сөөгүнөн органдарын жана (же) ткандарын алууга макул же макул эместиги жөнүндө, кремацияга алынышын каалагандыгы жөнүндө, өзүнүн акыркы керээзин тигил же бул адамдын аткарышына ишенгендиги жөнүндө оозеки (күбөлөрдүн көзүнчө) же жазуу жүзүндө билдирген нотариалдык жактан күбөлөндүргөн каалоосу.
Бул факты белгилүү бир укуктук жагдайлардын пайда болушуна алып келет. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык нотариалдык аракеттер юридикалык мааниге ээ болгон талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоо, документтерди күбөлөндүрүү, документтерге аткаруучулук күчтү жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка иш-аракеттерди билдирет.