Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 29-октябры № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомунун редакциясына ылайык)
Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүү процесси боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоонун деңгээлин жогорулатуу максатында, ошондой эле 2013-жылдын 31-майындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы Өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумдун шарттарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуланын он бешинчи абзацындагы "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткарууну жетекчиликке алып" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган токтомдун 2-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы 584 токтомуна 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |