Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 20-августу № 568

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин

эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтому менен өзгөртүүлөр жана толутоолор расмий тилинде киргизилген

 

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, алардын Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ар тараптуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси.

Эскертүү: Ушул токтом менен бекитилген тизме расмий редакцияда берилген

2. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 30-декабрындагы № 708 "СССР Министрлер Советинин 1982-жылдын 16-сентябрындагы № 865 "Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

Н.Танаев