Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы N 568 токтому менен бекитилген
Тарыхый-маданий мурас обьекттерин эсепке алуу, Коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы N 614, 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө, тарыхый, илимий, көркөм же башка мааниге ээ курулуштар, тарыхый жайлар жана буюмдар тарыхый-маданий мурас объекттери болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык тарыхый-маданий мурас обьекттери мамлекет тарабынан корголот.
1.2. Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" Мыйзамынын 4-статьясында көрсөтүлгөндөй, тарыхый-маданий мурастардын бардык түрлөрү тарыхый-маданий мурас обьекттери болуп саналат.
Тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий мааниге ээ болгон башка обьекттер да тарыхый-маданий мурас обьекттерине таандык кылынышы мүмкүн.
1.3. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик башкаруу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик орган аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат (мындан ары - жергиликтүү бийлик органдары).
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы (мындан ары - эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган) болуп саналат.
Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы жана анын карамагындагы маданиятты башкаруунун жергиликтүү органдары (мындан ары эстеликтерди коргоонун мамлекеттик органдары) өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, искусство жана башка эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик көзөмөлдөөнү ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларынын чегинде төмөнкү иштер тапшырылат, алар:
- тарыхый-маданий эстеликтерди мамлекеттик эсепке алуу;
- тарых жана маданият эстеликтерин, алардын аймактарын, тарыхый-маданий коруктарды, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстерди, тарыхый-маданий корук аймактарын (жайларын) жана эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүн күтүү жана пайдалануу тартибин белгилөө;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, изилдөө жана реставрациялоо ишин илимий-методикалык жетектөө;
- тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо, эстеликтердеги бардык иштердин түрлөрүнө илимий-изилдөө жана долбоорлоо документтерин кароо;
- тарых, археология, шаардык курулуш жана архитектура, монументалдык искусство эстеликтери бар шаарларды жана эл жашаган пункттарды пландаштыруунун, куруунун жана реконструкциялоонун макулдашууга жөнөтүлгөн долбоорлорун кароо;
- тарыхый-маданий мурас обьекттерин пайдаланууну уюштуруу жана пропагандалоо;
- ишкана, мекеме, уюм жана граждандар тарабынан, алардын кайсыл ведомствого тиешелүүлүгүнө карабастан тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо эрежелеринин сакталышына, ошондой эле курулуш, мелиорациялык, жол куруу жана башка иштерди жүргүзүүдө эстеликтерди сактоону камсыз кылган чаралардын аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөө.
1.5. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо боюнча эрежелерин, инструкцияларын, көрсөтмөлөрүн ишкана, мекеме, уюм жана граждандар ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан аткарууга милдеттүү.
1.6. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын милдеттери:
- тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу, реставрациялоо эрежелеринин сакталышын текшерүү, керек болгон учурда кимдин менчигинде же пайдалануусунда экенине карабай, эстеликтин абалын изилдөө, эстеликтин сакталышын текшерүү протоколун түзүп, кетирилген кемчиликтерди четтетүүгө көрсөтмөлөрдү берүү;
- эгерде, тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө, реставрациялоо, консервациялоо, ремонттоо, пайдаланууга ыңгайлаштыруу, реконструкциялоо жана эстеликтерде, алардын аймактарынын чегинде, тарыхый-маданий коруктарда, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстерде, тарыхый-маданий корук аймактарында (жайларында) жүргүзүлгөн башка иштер макулдашылбастан же бекитилген долбоорду, илимий реставрациялоо методдорун, техникалык шарттарды жана башка эрежелерди бузуу менен жүргүзүлсө, ал иштерди токтотууга;
- курулуш, мелиорация, жол куруу жана башка иштерди жүргүзүү процессинде тарыхый-маданий мурас обьекттерине коркунуч туулса же аларды коргоо эрежелери бузулса, ал иштерди токтотууга;
- укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдоого, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган кызмат адамдарын, ишканаларды, мекемелерди, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
1.7. Өрткө каршы жана санитардык көзөмөл боюнча жана башка атайын органдардын тарых жана маданият эстеликтерине байланыштуу талаптары, сөзсүз түрдө эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылышы керек.
1.8. Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коому, чыгармачыл бирикмелер жана башка коомдук уюмдар, ошондой эле жарандар, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоо, пайдалануу, табуу, эсепке алуу, реставрациялоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
1.9. Музейлердеги (коомдук башталыштагы музейлер да) китепканалардагы, архивдердеги жана башка мекемелердеги жана уюмдардагы тарыхый-маданий мурас обьекттерин коргоо, пайдалануу, эсепке алуу жана реставрациялоо өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын музей, китепкана жана архив фонддору жөнүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
1.10. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болгон жарандар жана юридикалык жактар тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык талаптарды милдеттүү түрдө аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)