Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 29-январы № 16

Архивге керектелүүчү материалдарды алуу жана архивди ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүүдө жана Типтүү нускамада көрсөтүлгөн архив маселеси боюнча, ошондой эле электрондук аймакка өтүп жаткандыгына карабастан айыл өкмөтүндө кагаз жүзүндө сактап калуу үчүн чарба китеп алууга, веб-сайтка айылдык кеңештин токтомдорун ж.б. иш кагаздарды  жарыялоого жана юстиция башкармалыгынан айылдык кеңештин токтомдорун реестринен өткөрүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:

   

1. Архив ачууга керектелүүчү материалдарды алууга жана жасаган жумушу боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70030 (жетимиш миң отуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (сметасы тиркелет 1 баракта).

2. Электрондук аймакка өтүп жаткандыгына карабастан айыл өкмөтүндө кагаз жүзүндө сактап калууга 30 чарба китеп,2 алфавиттик китепче алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 9710(тогуз миң жети жүз он) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Веб-сайтка айылдык кеңештин токтомдорун ж.б. иш кагаздарды жарыялоо жана юстиция башкармалыгынын реестринен өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 12000 (он эки миң)сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага  жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов

 

Казыбек айыл өкмөтүнүн архивине керектелүүчү материалдар боюнча сметасы

№

Аталышы

саны

баасы

Жалпы сумма

1

стол

1даана

3000

3000

2

стул

1 даана

1500

1500

3

Темир эшик

1даана

6000

6000

4

Профиль 4х4

60 метр

160

9600

5

Профиль 3х4

56 метр

140

7840

6

Профиль 5х5

20 метр

180

3600

7

Электрод

1 пачка

450

450

8

Круг для болгарки

10

50

500

9

Краска

3 литр

200

600

10

Фанера

3 даана

1500

4500

11

Вентиляция

1 даана

800

800

12

Резетка

1 даана

90

90

13

Вкючатель

1 даана

90

90

14

Плафон

1 даана

300

300

15

Провод

20 метр

18

360

16

Фанера для полки

9 даана

1200

10800

17

Жумушу

-

20000

20000

 

Жалпы сумма

 

 

70030 сом