Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 29-январы № 17

Жаңы –Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнө таза суу түтүгүн орнотуу жөнүндө

Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүнө таза суу киргизүү үчүн суу түтүктөрүн орнотуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:

   

1. Казыбек айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүнө таза суу киргизүү үчүн суу түтүктөрүн орнотууга 850 метр жерге таза суу түтүктөрүн алуу  үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (сметасы 1 баракта тиркелет).

2 Жаңы-Күч айылынын айыл башчысы Жолдошбек уулу Уланга суу түтүктөрүнүн деффект актысын жана сметасын түздүрүп тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп берүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага  жүктөлсүн.

4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов

 

Жаңы-Күч айылындагы А.Карыбеков көчөсүнө ичүүчү таза суу чыгарганга керектелүүчү жабдыктардын сметасы

 

№

Аталышы

өлчөө бирдиги

Саны

баасы

суммасы

1

63 разм. көк труба

метр

720

170

122400

2

Муфта (кошмок) резьбовый

шт

8

650

5200

 

Жалпы сумма

 

 

 

127600