Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 32 сессиясы

 

2021-жылдын 26-январы № 32/15

Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө

Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын токтомдорунун талаптарына ылайык, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүндө көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестринин сунушталган долбоорунун негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 32-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

 

Айылдык кеңештин орун басары

Т. Жузупбеков

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин

26-январь 2021-жылдагы №32/15

токтому менен бекитилген

Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча муниципиалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестри.

№

Муниципалдык кызматтардын аталышы

Муниципалдык кызматтарды стандартташтырууга жооптуу органдын аталышы

Муниципалдык кызматты ишке ашыруучу органдын аталышы

Кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акылуу же акысыз)

1

Турак-жайынын жана жер үлүштөрүнүн коңшулар ортосундагы чек араларын аныктоо

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

Акысыз

2

Жардамга муктаж, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар кандай социалдык жардамдарды берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

Акысыз

3

Кургак учук оорусу менен ооруган жарандар үчүн дарыланууга баруу үчүн жол акысын төлөп берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

Акысыз

4

Томолой жетим жана жарым жетим балдарга ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

Акысыз

5

Үйүнөн тейленген жарандарга ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

Акысыз

6

Калкка маданий-агартуучулук иш-чараларды уюштуруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

Акысыз

 

7

ЧАЭС апаатынын, Авган согушунун катышуучуларына жана Баткен коогалаӊынын катышуучуларына ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү

Айыл өкмөтү

 Айыл өкмөтү

 Акысыз

 

8

 Энелер күнүнө жана  1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата маданий иш-чараларды уюштуруу

Айыл өкмөтү

 Айыл өкмөтү

 Акысыз

 

9

Майыптарга социалдык жардамдарды  көрсөтүү

Айыл өкмөтү

 Айыл өкмөтү

 Акысыз

 

10

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш аракеттерди көрүү

Айыл өкмөтү

 Айыл өкмөтү

 Акысыз

 

Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Н.Соодонбеков