Редакцияот 25.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз XXI сессиясы

 

2019-жылдын 25-апрели № 21/2

Үгүт жайыт комитетинин курамын, малчылардын кѳчүп конуу графигин, баданын баасын бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» жана жайыт мыйзамына ылайык. Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Үгүт жайыт комитетинин курамы бекитилип, тѳмѳндѳгүлѳр киргизилсин:

-- Ы.Эсенгулов, Р.Майрыкеева, А.Мамбетказиев, Ж.Жусубалиев, А.Токтогонов, З.Чогулдурова, Т.Момбеков. С.Шергазиев, С.Турдуманбетов, Н.Чодолдоев, Э.Жакыпов, Б.Орозбаев, А.Акматалиев, А.Нурсалый уулу. Р.Кутулдабеков.

2. Үгүт айылдык аймагында жайыт акылары бодо малга 105 сом, майда жандыкка 21 сом болуп бекитилсин. Малчылардын кѳчүп конуу графиги, айдоо аянттарын корууну уюштуруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрайымы:

Р. Майрыкеева