Редакцияот 07.08,2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Талап айылдык кеңешинин XIV сессиясы

2019-жылдын 7-августу № XIV/4

1.Жаны-Талап айыл аймагындагы Сон-Көл жайлоосундагы Шарпылдак өрөөнүнөн Жайытты башка максатта пайдаланууга жер берүү жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жайыт” мыйзамына ылайык жайытты башка максатта пайдаланууга жер сураган “Хан-Тенгри” компаниясынын арызын жана жайыт комитетинин төрагасы Э.Кадыркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Талап айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Сон-Көл жайлоосундагы Шарпылдак аймагынан 1 га жер жайыттарды башка багытта убактылуу пайдаланууга (турист тосууга) Хан-Тенгри компаниясына берилсин.

2. Бул берилген жер боюнча келишимдик негизде иш алып баруу, документтештирүү жана мыйзамдаштыруу жагы Жаны-Талап айылдык Жайыт комитетинин төрагасы Э.Кадыркуловго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрагасы:

А. Бексултанов