Редакцияот 24.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы

2020-жылдын 24-декабры № 6

«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2021-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө»

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2021-жылга шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Н.Доулбековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 23 - cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2021-жылга шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Н.Доулбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Талкууда белгиленген сын сунуштарды эске алуу менен Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2021-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы бекитилсин.

/программа тиркелет/

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев

 

 

Бекитилди”

Таш-Көмүр шаардык депутаттарКенешинин

XXIX чакырылышынын 24.12.2020-жылдагы

кезектеги 23-сессиясынын №6 токтому

 

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2021-жыл ичинде аткарылуучу иштери боюнча кабыл алган

ПРОГРАММАСЫ

№

Программага кирген милдеттердин мазмуну

Аткарууга жооптуулар

 

Ишке ашыруу мөөнөттөр

 

Реалдуу сектор

Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана экономиканын өсүшү

1

2021-жылга шаардын бюджетин бекитүү;

Мэриянын реалдуу сектору

2021-жылдын

1-кварталы

2

Шаардын аймагындагы салык төлөмдөрүнүн жыйыны боюнча 2020-жылга салыштырмалуу 1,5%га өстүрүү боюнча иш алып баруу;

(2021-жылы салык базасын ке=ейтүү, салык төлөмдөрдү толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү)

Таш-Көмүр шаардык мэриясы

КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгы

2021-жыл ичи

3

Кызыл-Алма м/р-нунда ичүүчү таза суу боюнча иш-чараны аягына чыгаруу;

Шаардык мэрия

“Күч” ААК

 

2021-жыл ичи

4

Шаардын башкы планын бүткөрүү боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу

Шаардык мэрия, ММД, шаардык архитектура башкармалыгы

2021-жыл ичи

5

“Кварц Компани” ЖЧКнын ишин ишке киргизүү боюнча көзөмөлгө алуу;

Шаардык мэрия

“Кварц Компани” ЖЧК сы

 

2021-жыл  ичи

6

2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата, шаардагы көмүр өндүрүүчү ишканалардын өндүргөн көмүрлөрүнөн Бишкек ЖЭБ не өткөрүүнү камсыз кылуу

Шаардык мэрия, “Тегене “ ЖЧК сы

2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилинде

7

Республикалык бюджеттин эсебинен ички жолдорду асфальттоо Шопоков, Пионер, Студент көчөлөрү ( шаардын ичи-1500 метр, Шамалды-Сай шаарчасында 1500 метр);

Мин.транс.

Шаардык мэрия

ЖТК-38

2021-жылдын

4-кварталына чейин

8

Шаардын Гагарин көчөсүнө тротуар куруу (ЦСМден үйлөргө чейинки аралык)

Шаардык мэрия

ММД

 

2021-жыл ичи

9

Шаардын, аймактык башкармалыктардын ичиндеги көчөлөргө 10 км аралыкка түнкү жарыктарды коюу

Шаардык мэрия

ММД

 

2021-жыл ичи

10

Мэриянын имаратынын жылуулук системасын  о=доо

Шаардык мэрия

ММД

 

2021-жыл ичи

11

Канализация, КОСту реобилитациялоо иштерин КР нын Мамлекеттик курулуш агенттиги аркылуу жүргүзүү;

Шаардык мэрия, “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасы

КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги менен биргеликте

 

2021-жыл ичи

12

Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасындагы Автобекетти ишке киргизүү жана эки аялдама куруу

Шаардык мэрия, ММД

“Аргымак”ААК

 

 

13

“Ирсалиев” атындагы борбордук эс алуу багынын аркасын ондоо жана отургучтарды орнотуу

Шаардык мэрия

ММД

 

2021-жыл ичи

14

Кызыл-Жар шаарчалык аймактык башкармалыгынын имаратын ремонттон өткөрүү, коргондорун жа=ылоо

Шаардык мэрия

Г.Калманбетова-Кызыл-Жар а/б башчысы

 

2021-жылдын

2-3 квартал ичи

15

2021-жыл “Эл жана турак жай фонддун каттоо” иш-чарасын өткөрүү

Шаардык мэрия

А.Осмонов-шаардык Стат бөлүмүнүн башчысы;

Айматкык башкармалыктар;

2021-жыл ичи

16

Таш-Көмүр шаарынын Токтогул көчөсүндөгү жылуулук берүүчү  №6 отканасын толук реконструкциядан өткөрүп, көп кабатуу  №6,8,10,12 үйлөрдү борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу

Шаардык мэрия

“Жылуулук камсыздоо” ишканасы

2021-жыл ичи

17

Таш-Көмүр шаарынын 2020-2021жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча иш жүргүзүү;

Шаардык мэрия, мекеме ишканалардын жетекчилери;

2021-жыл ичи

18

№11 “Теремок” бала бакчасынын кир жуучу жана кампа, күзөтканасынын имаратынын чатырын жанылоо

Шаардык мэрия

ШБББ

2021-жыл ичи

19

№8 “Келечек” бала бакчасынын терезелерин алмаштыруу

Шаардык мэрия

ШБББ

2021-жыл ичи

20

Т.Үметалиев ат.№6 орто мектебинин эки отканасын жанылоо

Шаардык мэрия

ШБББ

2021-жыл ичи

21

Шаардын аймагындагы мектептердин башталгыч класстагы окуучулардын ысык тамагын кошумча азыктар менен камсыз кылуу

Шаардык мэрия

ШБББ

2021-жыл ичи

 

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу

22

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга кабылуучу участокторго алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү:

-          Кызыл-Жар 12 Гагарина көчөсүндөгү сел өтүүчө сайдын жээгине дамба куруу узуну 100 метр.

-          Таш-Көмүр шаары Мендигул айыл аймагы Осмонбеков Пионерская Юлдашев Нарын көчөлөрүн аралап өткөн сел өтүүчү сайдын сол жээгин бекемдөө узуну 30 метр.

Шаардык мэрия, Таш-Көмүр шаардык ӨКБ

2021-жыл ичи

 

Социалдык тармак

23

Жалпы билим берүү мекемелеринде билим  сапатын жогорулатуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү (шаардык, областтык жана республикалык де=гээлдеги олимпиадарга чыгуу боюнча);

Социалдык тармак;

Шаардык Билим берүү бөлүмү;

2021-жыл ичи

24

Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелелринин материалдык-техникалык базасын чы=доо максатында Эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, долбоорлор менен иштөөнү камсыздоо;

Реалдуу сектор (инвестиция тартуу);

Социалдык тармак;

Шаардык Билим берүү бөлүмү;

2021-жыл ичи

25

Тоголок Молдо ат.№3 орто мектебине спорт зал куруу

Мэрия, ММД, Түндүк а/б, ШБББ

  2021-жыл ичи

26

Шамалды-Сай, Түндүк аймактык башкармалыктарындагы клубдардын имаратын ремонттон өткөрүү

Шаардык мэрия, ММД, Түндүк а/б, маданият бөлүмү

  2021-жыл ичи

27

Балдардын ден-соолугун чындоо борборунун ремонт иштерин аягына чыгаруу

Шаардык мэрия, ММД

  2021-жыл ичи

28

Саламаттыкты сактоо тармагын тейлөө кызматынын сапатын арттыруу жана жетишпеген дарыгерлердин ордун толуктоо:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2020-жылдагы №282-б буйругу менен бекитилген «2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилинде COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык боюнча аткарылышын көзөмөлдөө:

Аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн утурумдук ремонт иштери жүргүзүүнү көзөмөлдөө:

Социалдык тармак:

Саламаттык сактоо мекемелери:

2021-жыл ичи

29

№3 ҮДТнын жаны имаратын жылуулук системасы менен камсыз кылуу

Шаардык мэрия, ММД

- 2021-жыл ичи

30

Мамлекеттик де=гээлдеги даталуу  майрамдык иш-чараларды жогорку де=гээлде өткөрүү боюнча иш жүргүзүү;

Социалдык тармак;

 

2021-жыл ичи

31

Диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү;

Социалдык тармак;

Шаардык мечиттердин өкүлдөрү, шаардык Ички иштер бөлүмү

2021-жыл ичи

32

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, өзүн өзү өлтүрүү (суициддин) алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү;

Социалдык тармак;

шаардык Ички иштер бөлүмү

2021-жыл ичи

 

Уюштуруу жана көзөмөлдөө

 

33

Таш-Көмүр шаарынын аткаруу комитетинде 2020-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу;

 

-Шаардык мэрия;

-Мекеме ишканалардын

 

жетекчилери;

Аймактык башкармалыктар

2021-жылдын

 январь айы

 34

2021-жылдын апрель, июль, октябрь айларында Таш-Көмүр шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кварталдык жыйынтыгын чыгаруу;

-Шаардык мэрия;

-Мекеме ишканалардын жетекчилери;

Аймактык башкармалыктар

2021-жыл ичи

35

2021-жылдын март-апрель айларында бекитилген графиктин негизинде Таш-Көмүр шаарынын жана шаарга караштуу аймактык башкармалыктардын тургундары менен жолугушууларды уюштуруу;

-Шаардык мэрия;

-Мекеме ишканалардын жетекчилери;

Аймактык башкармалыктар

2021-жылдын

март-апрель айлары