Редакцияот 07.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 7-июну № 1

Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын № 1 жана № 2 протоколу бекитилсин (протокол тиркелет)

2. Көпчүлүк добуш  менен Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Н.Мадалиев