Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясы

2022-жылдын 20-январы № 4

2022-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгү, 2023-2024-жылдарга болжолун кароо жөнүндө бюджет, финансы, салык жана социалдык төлөм маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 18.01.2022-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 13112,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

(№1, №2 тиркеме тиркелет)

2. Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга концолидацияланган бюджетинин болжолу №3, №4 тиркемеге ылайык жактырылсын.

(№3, №4 тиркеме тиркелет)

3. Айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкү болжолу жактырылсын.

а) 2022-жылга кирешелер боюнча болжол 13112,7 миң сом суммасында, 2023-жылга 13260,9 миң сом жана 2024-жылга 13368,9 миң сом суммасында.

б) 2022-жылга чыгашалар боюнча болжол 13112,7 миң сом суммасында, 2023-жылга 13260,9 миң сом жана 2024-жылга 13368,9 миң сом суммасында.

4. Айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу

5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна төгүмдөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, стипендиялар) боюнча жүргүзүлсүн.

6. Ушул токтомго ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгымдарды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

7. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.

8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

9. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.

10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

11. Айланма кассалык калдык (оборотной кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2023-жылдын 1-январына карата 100, 0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

12. Айыл өкмөтүнүн резерф фондусунун 98,2 сом акча каражаттары КРнын мыйзамдарынын негизинде иштетилсин.

13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык төлөм маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Акназаров

 

 

 

№1-тиркеме

МАКУЛДАШЫЛДЫ                                                         БЕКИТЕМИН

Жылалды айылдык кеңеши                                      Жылалды айыл өкмөтү

Төрага:______________ М.Акназаров                                 Башчы:___________У.Джеенбаев

20-январь 2022-жыл                                                      20-январь 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат

№

Кирешенин түрлөрү

 

Сумма

1

Киреше салыгы

3453,8

2

Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык

0

3

Милдеттүү патент салыгы

67,3

4

Ыктыярдуу патент салыгы

540,0

5

2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

287,0

6

Жеке адамдар үчүн унаа салыгы

607,2

7

Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

192,0

8

Айыл чарба жерлеринин салыгы

731,2

9

Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

1370,0

10

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия үчүн акы

529,6

11

Жайыттарды пайдалануу акысы

220,0

12

Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы

571,0

13

Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүнпспсссссссссссс

46,8

 

ЖАЛПЫ

8615,9

14

Атайын каражаттар

1206,8

15

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелери тарабынан кошумча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөм

0

16

Теңдөөчү грант

3290,0

 

БАРДЫГЫ

13112,7

ФЭБнүн башчысы:

Н.Мырзабаева

№2-тиркеме

МАКУЛДАШЫЛДЫ                                                         БЕКИТЕМИН

Жылалды айылдык кеңеши                                      Жылалды айыл өкмөтү

Төрага:______________ М.Акназаров                                 Башчы:___________У.Джеенбаев

20-январь 2022-жыл                                                      20-январь 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата социалдык-экономикалык чарбалык маселелерди чечүүгө кетүүчү каражаттын болжолдуу чыгымы боюнча