Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 2-июлу N 493
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Борбордук Азия университетинин студенттик
шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер
участогун берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-декабрындагы N 938,
2025-жылдын 12-декабрындагы № 805 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Тажикстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Рес-
публикасынын жана Исмаилчилердин имамчылыгынын ортосунда Борбордук Азия
университетин түзүү боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы N 8 Мыйзамын аткаруу мак-
сашңца жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын, Нарын облустук
кеңешинин жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча Республикалык
комиссия менен макулдашылган төмөнкүдөй сунушу кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын районунун 251,58
га жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер", "Токой фондунун жерлери",
"Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлер категориясы-
нан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө, анын
ичинде:
Нарын эксперименталдык станциясынын 79,5 га сугат жерин;
Нарын райондук суу чарба башкармалыганын 4,0 га жерин;
"Канчоро" фермердик чарбасынын 5,2 га жайыт жерин;
Жанбулак айыл өкмөтүнүн 59,7 га жайыт жерин;
Миңбулак айыл өкмөтүнүн 13,0 га жайыт жерин;
Нарын шаарынын 33,18 га башка жерлерин;
Токой фондунун 51,2 га жерин;
Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы 5,8 га жерди;
– көрсөтүлгөн жерлерден 40 гектарды төмөнкүлөр үчүн Борбордук Азия университетине туруктуу пайдаланууга берүү жөнүндө:
университеттин окуу имаратын кошо алганда студенттик шаарча (кам-
пус) объекттерин, студенттер жана профессордук-окутуучулук курам үчүн
турак жай, спорттук жана ден соолукту чыңдоо комплекстерин, лыжа база-
сын, жайкы студенттик лагерь куруу;
рекреациялык, ден соолукту чыңдоо жана парк зонасын уюштуруу;
биология жана айыл чарба курсу боюнча университет тарабынан оку-
туу-практикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында экспе-
рименталдык-тажрыйба талаасын уюштуруу;
ошондой эле Борбордук Азия университетинин Уставында аныкталган
башка максаттар үчүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-декабрындагы № 805 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Нарын облустук мамлекеттик администрациясы республиканын мый-
замдарына ылайык "Канчоро" фермердик чарбасынын университет шаарчасынын
курулушуна туура келген жерлерин алууну, ал эми Борбордук Азия универ-
ситети зыяндын ордун толтурууну жүргүзсүн.
3. Борбордук Азия университетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте университеттик шаарчаны куруу үчүн берилүүчү Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кыя жергесиндеги аянты 12,2 га жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды сатып алууга уруксат берилсин:
- Басылбеков Жекшеналынын;
- Байгубатов Жыргалбектин;
- Койчуманов Курманбектин;
- Мааткеримов Орозбектин;
- Шаршенова Майрамкүлдүн;
- Максүтова Турдубүбүнүн;
- Мукамбетов Мараттын жеке менчик укугуна таандык менчик турак үй-
лөрүн жана короо жанындагы жер участокторун;
- Жээнчороев Таалайдын жеке менчигиндеги автомайкуюучу станцияны
кызматтык-техникалык аймагы менен;
- мамлекеттик менчикте турган, Нарын токой чарбасына таандык куру-
лушту (токой кордону), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жа-
на коммуникациялар министрлигинин өндүрүштүк-линиялык N 3 автожол баш-
кармалыгынын мейманканасын, чарбалык курулуштарын, битум сактоочу жа-
йын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-декабрындагы N 938,
2025-жылдын 12-декабрындагы № 805 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Борбордук Азия университети берилүүчү жер участокторунда жай-
гашкан имараттар менен курулуштардын наркын, тарткан зыяндардын ордун
толтурууну мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жер участокторуна жана Бор-
бордук Азия университетинин башка кыймылсыз мүлк объекттерине укукту
ырастоочу документтерди мыйзамда белгиленген тартипте тариздесин.
6. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүү киргизсин;
- Борбордук Азия университетине долбоорду аткарууга, тышкы инже-
нердик тармактарга жана коммуникацияларга, инфраструктуралардын башка
түрлөрүнө кошууга байланыштуу бардык маселелер боюнча ар тараптан көмөк
көрсөтсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев