Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 17-декабры N 938
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын
(кампусту) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы "493
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампусун)
куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы N 493 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү
жана толуктоо киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-тогузунчу абзацтар менен
толукталсын:
"Мааткеримов Орозбекке;
Шаршенова Майрамкүлгө;
Максүтова Турдубүбүгө;
Мукамбетов Маратка;";
- алтынчы жана жетинчи абзацтар тиешелүү түрдө онунчу жана он би-
ринчи абзац деп эсептелсин.
Премьер-министр Н.Танаев