Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 11-августундагы № 573, 2012-жылдын 16-мартындагы № 178, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Бөлүм I. Жалпы жоболор Бөлүм II. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер Бөлүм III. Пенсияларды кайра эсөптөө үчүн зарыл болгон документтер Бөлүм IV. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтер Бөлүм V. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтер I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси (мындан ары - Тизме) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин аныктайт. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык) 1.2. Камсыздандырылган адамдар жана пенсионерлер "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына, калкты тейлөө борборлоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун электрондук порталындагы "Камсыздандырылган адамдын өздүк кабинети" аркылуу берет, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. |