Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы

 

2021-жылдын 16-февраль № 202

 Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү жөнүндө

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХХIХ- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылга сессияларынын иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет)

2. Иш пландын негизинде сессиялардын өз убагында өтүүсүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Тойтиева Жылдызга милдеттендирилсин.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Акаев

 

 

2021-жылдын 16-февралындагы Үч-Терек айыл аймагынынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХIХ-сессиясынын № 202 токтомуна 1-тиркеме

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылга

ИШ ПЛАНЫ.

 

№

Каралуучу маселелер

Аткаруу

мөөнөтү

Ким даярдайт

1.

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүүжөнүндө.

2021-жыл

I-кв.

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиева

2

Айыл өкмөт башчысынын 2021- жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету

*-*

Айыл өкмөт башчысы,

3

 Жайыт комитетинин 2021- жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету

*-*

Ж.Сатыбаев, Агрардык амселелер боюнча турутуу комиссия

4

Айдап себүү, таза суу, суугат суулар, оруу жыйуу ж.б.кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө.

*-*

С.Жолдошова, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

5

ДЭУ-30 мекемелеринин жазга карата даярдыгы жөнүндө.

*-*

ДЭП-30 жетекчиси, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

6

Көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыялоо жана айыл аймактын тазалыгын сактоо жөнүндө.

*-*

Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия. Статист-экономист С.Жолдошова

7

Суугат иштеринин жүрүшү жана УОС менен айыл өкмөтүнүн график менен иштөө тартибинин аткарылышы жана Таза суу, сугат суулардын берилиши боюнча СОВП, УОС жана СПАнын жүргүзгөн иштери

*-*

УОС, Абдыкадыров Ж, Б.Эпеков ,Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

1

Жазгы талаа жумуштарынын жүршү боюнча жана трансформация боюнча жүргүзгөн иштер боюнча жер адисинин жана айыл башчылардын маалыматы

2021-жыл

II -кв.

К.Абазов, С.Жолдошова

2

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Үч-Терек айылында багар көрөрү жок жана соц.маселелер боюнча иштеген соц. тейлөөчү кызматкерлеринин 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету.

*-*

Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия, соц. тейлөчүлөр Султаналиева Н, Омрова А, Сокубашова М, Машаева, Капсалаңова У,

3

Салык пландарынын биринчи, экинчи кварталда аткарылышы боюнча маалыматы

 

Ырысбаев А

4

Жазгы талаа жумуштарынын жүршү боюнча жана трансформация боюнча жүргүзгөн иштер боюнча жер адисинин жана айыл башчылардын маалыматы

 

К.Абазов, С.Жолдошова

5

 УИТ ишканасынын аткарган иштери жана 2021 жылга иш планын бекитүү жөнүндө.

 

УИТ ишканасынын башчысы Э.Качкынбаев

6

 Уч.инспектордун жана жашы жетпегендер боюнча уч.инспектордун 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө.

 *-*

Уч.инспектор, мыйзамдуу-лук боюнча туруктуу комиссия

7

Паспортстол, ЗАГС, РЭС, Почта, мекеме жетекчилеринин маалыматы

 *-*

Д.Калдыбаева,Н.Кочоров,К

Курманалиев А.Кутунаева, К.Мамыркулова

8

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин кароо, больница поликлиника, ФАПтардын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматы.

*-*

ЖДПБ, ФАП, СПА, ГСВ, башчылары, соц. маселелер боюнча туруктуу комиссия

1

Айыл өкмөт башчысынын 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету

2021-жыл

III-кв.

Айыл өкмөт башчысы Башкы эсепчи. К.Көкөев Туруктуу комиссиялар

2

Айыл өкмөтү тарабынан тартылган инвестиция жана инвесторлор боюнча иштерди кароо.

 

А.Байсабаев,соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия

3

Бала бакча, мектептердин жүргүзгөн иштери жана ремонт иштеринин аткарылышы жөнүндө.

*-*

Мектеп директорлору, К.Көкөев, бала бакча жетекчилери Ажыбаева Б, Сулайманова ,Асылканова А, Артыкбаева

4

Айылдык китепканалардын, маданият үйүнүн клубдардын жүргүзгөн иштери боюнча мекеме башчыларынын отчету.

*-*

Китепкана жана клуб башчылары

1

Бала бакча, мектептердин, айылдык китепканалардын, клубдардын кышка карата даярдыгы жөнүндө.

2021-жыл

IV -кв.

КөкөевК, мектеп дирек-торлору, бала бакчалардын башчылары, соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия.

2

Кузгу оруп жыйуу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө.

*-*

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия, Абазов К, Жолдошова С

3

 ДЭУ-30 мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө.

 *-*

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия.

4

Коомдук уюмдардын (Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши, Жаштар уюму, Ардагерлер кеңеши) 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы

 

Аксакалдар соту, Аялдар кенеши, жаштар уюму, Соц.маселелер боюнча туруктуу комиссия

5

Айыл өкмөтүндө өткөн тендерлер жана бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБ башчыснынын билдирүүсү

 

К.Көкөев, Б.Ысабаева бюджет туруктуу комиссиясы

 

Жооптуу катчы:

Д.Уркуналиева