Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 16-февралы № 78 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүнүн аскердик тууларынын, символунун жана төш белгисинин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүнүн аскер-дик тууларынын, символунун жана "Улуттук гвардия" төш белгисинин тир-келген
сыпаттамасы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына сунушталсын: - Бөлүктөрдүн аскердик тууларын тапшыруунун, алып чыгуунун жанасактоонун жобосун, тартибин бекитсии; - "Улуттук гвардия" төш белгисии тапшыруунун жобосун жана тартибинбекитсин; - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүнүн аскер-дик тууларын, символун жана "Улуттук гвардия" төш белгисин даярдоогобайланышкан чыгымдар бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинентөлөнсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарыныништери боюнча бөлүмүнө тапшырылсын. Премьер-министр Н.Танасв Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-февралындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасыиып Улуттук гвардиясынын аскердик бөлүктөрүнүн аскердик тууларынын, символунун жана "Улуттук гвардия" төш белгисинин
сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскердик бөлүктөрүнүнаскердик туулары эки беттүү кездемеден, туунун сабынан жана чачпактуубоодон турат жана узундугу 113 см, эни 170 см өлчөмдөгү тик бурчтууформадагы кездеме түрүндө болуп, кызыл түстөгү баркыттан же туулук кез-демеден даярдалат. Туунун эки тарабында борборунда эки найза тартылганоймолуу калкандын фонунда кабыландын, илбирстин башын жана эдельвейсгүлдү элестеткен эмблемалар тартылган. Туунун жогорку бөлүгүндө алтын түстүү жазуулар бар, алдыњкы бетин-де мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы" деген,ал эми ылдыйкы бөлүгүндө: "Милдет, Эрдик, Дањк!" деген жазуулар бар.Арткы бетинде жогору жагында орус тилинде: "Национальная гвардия Кыр-гызской Республики", ылдый жагында: "Долг, Мужество, Слава!" деп жазыл-ган. Туунун жогору жагындагы тексттин тамгаларынын бийиктиги кездеменинбийиктигинин 1:15, ылдыйкы бөлүгүндөгү жазуунун тамгаларынын бийиктигикездеменин бийиктигинин 1:15 өлчөмүндө. Эки найзалуу оймолуу калкандын фонундагы кабыландын, илбирстин ба-шынын жана эдельвейс гүлдүн сүрөттөрү ар бири кездеменин бийиктигинин1:3 өлчөмүндө. Туунун кездемесинин үч тарабы сары түстөгү чачык менен кыюуланган. Туунун сабы диаметри 4 см жумуру жыгачтан жасалган, узундугу 250см. Сап кара-күрөњ түскө сырдалган, лакталган жана ылдыйкы учуна ме-талл шакек кийгизилген, өйдөкү учуна никелденген оюлуу үч тагылган. Туунун боосу алтын түстүү жибектен өрүлгөн, эки. чачылуу. Боонунузундугу 270-285 см. Улуттук гвардиянын символу калканды элестетет, анын жогоркубөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Туусунун сүрөтү тартылып, "Кыргыз Рес-публикасы" деп жазылган. Калкандын борборунда эки найза тартылган оймо-луу калкандын фонунда кабыландын, илбирстин башынын жана эдельвейсгүлдүн сүрөтү тартылган. Ылдыйкы бөлүгүнө "Улуттук гвардия" деп жазыл-ган. "Улуттук гвардия" төш белгиси лавр чамбар менен кыюуланган сегизбурчтуу жылдыз формасында. Сегиз бурчтуу жылдыздын борборунда - кабы-ландын, илбирстин башынын жана эдельвейс гүлдүн сүрөтү тартылган кал-кан. Тегеректин жогору жагына кызыл фондо "Кыргыз Республикасы", теге-ректин ылдыйкы жагына "Улуттук гвардия" деп жазылган. Сегиз бурчтуужылдыз Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарын жана жети облусунбилдирет. Лавр чамбар - аскердик дањктын жана абийрдин символу.