Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88, 2007-жылдын 18-августундагы № 347, 2008-жылдын 28-июлундагы № 405, 2009-жылдын 5-июнундагы № 361, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767, 2011-жылдын 18-февралындагы №55, 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Фондду каржылоо булактары жана аны түзүү тартиби
III. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бажы органдарынын иш-аракеттерине тиешеси бар башка нормативдик укуктук актыларга ылайык бажы органдарынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү максатында уюштурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын чыгашаларынын сметасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары Мамлекеттик бажы кызматы) чыгашаларынын топтомо сметасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Фондду каржылоо булактары жана аны түзүү тартиби
3. Фонд өткөн жылда бажы органдары товарларды чыгарууга, баштапкы чечим кабыл алууга байланыштуу бажылык операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн бажылык жыйымдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардан республикалык бюджетке түшкөн кирешеге барабар суммада республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн эсебинен каржылоодон түзүлөт.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык күчүн жоготту)