Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 22-декабрындагы № 606
токтому менен бекитилген
Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү Тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 3 айга чейинки курактагы бала асырап алган
кызматкерлерге бала баккандыгы үчүн төмөнкүдөй өргүү берилет:
- бала асырап алган күндөн тартып жана асырап алынган уул
(кыз) бала төрөлгөн күндөн 70 календардык күн өткөнгө чейин, ал эми
эки же андан көп баланы бир эле мезгилде асырап алганда - алар
төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күнгө чейинки мезгилге;
- бала үч жашка чыкканга чейин эмгек акысын сактабастан
кошумча отпуск.
Бала асырап алган жубайлар асырап алган учурда аталган
өргүү алардын каалоосу боюнча жубайлардын бирине берилет.