Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 13-майы № 257
Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин Кыргыз Республикасыныи Эмгек кодексинин 137-беренесине жана Кыргыз Республикасыныи Балдар жөнүндө кодексинин 60-берепесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасыныи конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 «Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө»;
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүүнүн тиркелген тартиби бекитилсин.»;
2-пунктундагы «уул (кыз)» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибинде:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартиби»;
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «уул (кыз) бала асырап алган» жана «уул (кыз) баланы (балдарды) асырап алган» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө «бала асырап алган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;