Редакцияот 28.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2022-жылдын 28-марты № 7-1

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төраганын орун басары Чороев Бакытка милдеттендирилсин.

3. Бул токтом ketmen-dobo.kg. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Чороев Б.

 

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин шайлоодогу

эсептөөкомиссиясынын отурумунун

ПРОТОКОЛУ №1

 

28.03.2022-жыл

Терек-Суу айылы

Эсептөө комиссиясынын курамы:

Стамалиева К.

Сүйүнтбек к Б.

Анарбек у К.

Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо төмөндөгүдөй тартип менен жүргүзүлдү.Кеңештин төрагасын Турдалиев Таалайбек Эсенович, Жумалиева Анаржан Каракозуевналар өздөрүнүн кандиданттарын көрсөтүшкөн. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоого 21 депутаттын 20сы катышып, 9 депутат Жумалиева Анаржанга, 4 депутат Турдалиев Таалайбекке  7депутат эки кандидантка каршы добуш берген.

Жыйынтыгында кандиданттар 20 добуштун көпчүлүк пайызын ала албагандыктан шайлоо жараксыз деп табылат.

 

Эсептөө комиссиясынын курамы:

Стамалиева К.Б.

Сүйүнтбек к Б

Анарбек у К.