КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-январындагы № 20 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында жазаларды аткаруу системасынын ишин жакшыртуу жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соњку жылдарда республиканын түзөтүүмекемелериндеги абал жана криминогендик кырдаал кыйла начарлапкеткендигин белгилейт. Эркинен ажыратылган жерлерде кылмыштуулуказайбай жатат. 2005-жылы жабык типтеги колонияларда гана 47 кылмыш(2004-жылы - 49) жасалган. Атайын контингенттин качып кетүүактивдүүлүгү жогору бойдон калууда, камактагылардан тартып алынганспирт ичимдиктеринин, бањги каражаттарынын жана башка тыюу салынганпредметтердин саны азайбай жатат. 1990-жылдардын ортосунан баштапкылмыш-жаза-аткаруу системасын жетишсиз каржылоодон, тиешелүүкоммуналдык-тиричилик шарттарынын жоктугунан пайдаланышкан кылмышдүйнөсүнүн авторитеттеринин саны өсүшү байкалууда, түзөтүүмекемелеринин администрациясына өздөрүнүн жаза өтөө шарттарын тањуулапжана каршы аракеттерди көрсөтүүдө. Алар камактагыларды массалыкбашаламандыктарга жана тобу менен баш ийбөөчулүккө көтөрүүдө.Натыйжада түзөтүү мекемелеринин администрациясы камактагылардын укуккакаршы иштеринен качуу максатында жазаны өтөө режимин камсыздоо жагынанкандайдыр бир жол берүүлөргө барууга мажбур болууда. Бул 2005-жылдын20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатыТ.А.Акматбаевди, Кыргыз Республикасынын Жогорку Ксњешинин Аппаратынынбашка жооптуу кызматкерлерин, ошондой эле ГУИНдин мурдагы начальниги,ички кызматтын полковниги И.М.Полотовду өлтүрүү болгон № 31 түзөтүүколониясындагы иштерден ачык көрүндү. Кылмышты уюштуруучулардан тартыпалууда жана жалпы тинтүү жүргүзүүдө көптөгөн курал-жарак, акча, бањгикаражаттары жана башка тыюу салынган предметтер табылган. Түзөтүү мекемелеринин администрацияларынын иштерине үстөмдүккылуудан ажыроо менен катар эле криминалдык топтор кылмыш иштеринкескин активдештирип, түзөтүү колонияларынын персоналын жана алардынүй-бүлө мүчөлөрүн коркутуу иштерине өтүшкөн, анын натыйжасындаколониялардын жеке курамынын бөлүгү камактагылар менен кызматтык эмесбайланыштарга барышып, алардын жогорудагыдай иштерине жол берүүгөөтүшкөн. Көзөмөлдөө курамынын аздыгын (азыркы убакта камактагылардынсаны 1000-2000 адам болгон колонияларда дежурдук нөөмөткө 4-5контролер чыгат), атайын каражаттардын, көзөмөлдөө жана контролдоожагынан тиешелүү техникалык каражаттардын, жеке курамдын коопсуздугункамсыздоо боюнча шарттардын жоктугун эсепке алуу менен ушундай абалтүзүлгөн, мында жаза өтөө режимин тийиштүү түрдө сактоону,камактагыларды өзгөчө түн ичинде көзөмөлдөөнү камсыз кылуу мүмкүнэмес. Азыркы убакта түзөтүү колонияларындагы күзөттүн инженердик-техникалык каражаттары 1990-жылдардын ортосунда эле эсептенчыгарылууга тийиш болгон куралдар. Бул камактагыларга КПП аркылуу тыюусалынган ар кандай буюмдарды алып өтүү аркылуу жаза өтөөнүнбелгиленген режимин бузуусуна мүмкүндүк түзгөн. Жаза өтөө режиминин абалына жана жалпы эле камактагыларды түзөтүүпроцессине алардын иш менен камсыздоонун жоктугу (5%тен төмөн) да терстаасир тийгизүүдө. Түзөтүү мекемелериндеги ишканалардын өндүрүштүккубаттуулугу узак убакыт токтоп турат, алар эскирип бүткөн же жарактанчыккан. Жазаларды аткаруу системасынын өндүрүштүк ишканаларынынкредитордук карызы бүгүнкү күндө 25 млн. сомду түзөт. Керектөөнүн 30 процентиндеги гана каржылоодон улам кылмыш-жазааткаруу системасында азык-түлүк, коммуналдык-тиричилик жанамедициналык жактан камсыздоодогу оор абал түзүлгөн. Камалган 1 адамгакүнүнө 30 сом өлчөмүндөгү тамак-аш керектелсе, республикалык бюджеттен15ке жакын сом гана бөлүнөт. Колониялар 5500 кроватка, 11 мињотургучка, 5 мињ - кроват жанындагы тумбочкага, 8500 - матрацкамуктаж. Камактагылардын тамак-ашын уюштуруу үчүн тамак бышыруучу 52даана электр казандары, 4 комфордуу 21 даана электр плитасы, 10орундуу 354 даана стол жетишпейт. Тамак ичүүчү идиш-аяктар жок, КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкыбашкармалыгынын 2005-жылга чейин иштеген, финансы каражаттарынбөлүштүргөн мурдагы жетекчилери түзөтүү мекемелериндеги иштердижакшыртуунун ордуна мыйзамга каршы коммерциялык иштерди жүргүзүү мененалектенишкен. Бул тууралуу прокуратура органдары тарабынан козголгонбир катар кылмыш иштери ырастап турат. Түзөтүү колонияларында кургак учуктун ар кандай түрлөрү мененооруган 2,5 мињден ашуун адам жазаларын өтөшөт, өлүм-житим көп. Алсак,соњку 5 жылдын аралыгында ар кандай оорулардан кылмыш-жаза-аткаруусистемасында камактагы 2392 адам өлгөн. Финансылык каражаттынжоктугунан флюрографиялык текшерүү чанда гана жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө жаза аткаруу системасынын жеке курамынын эмгек акысыукук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында эњ эле төмөн жанаалар олуттуу моралдык-психологиялык оорчулуктарга дуушар болушууда.Жаза аткаруу системасынын персоналынын саны соњку 15 жылдын аралыгындаөзгөрүүсүз калса, ушул эле убакта атайын контингеттин саны эки эсегеөскөн. ГУИНдин жеке курамынын кесиптик даярдыгына өздөрүнүн окуужайынын жоктугу да терс таасир тийгизүүдө. Жарандык окуу жайларынынбүтүрүүчүлөрү өтө психологиялык оорчулуктагы кызматка даяр эмес жанаалардын спецификалык чойродо иштөө үчүн атайын илим-билимдери жанатажрыйбалары жок. Жаза аткаруу маселелери Өкмөттүк дењгээлде акыркы жолу 1997-жылыкаралган. Пенитенциардык системанын ишин жакшыртуу боюнча конкреттүүсунуштар менен Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн токтомдору, КыргызРеспубликасынын Коопсуздук кењешинин чечими кабыл алынган, бирок ишжүзүндө алардын бардыгы аткарылбастан калган.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүүжөнүндө",
"Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексин колдонуугакиргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камактагылардынжаза өтөшүн дифференциялаштыруу максатында бир катар түзөтүүмекемелерин куруу же реконструкциялоо каралган. Бирок, финансыкаражаттарынын жоктугунан көрсөтүлгөн мыйзамдар аткарылбайт. Мындантышкары өлүм жазасын аткарууга мораторийдин узакка колдонулуп жана аныжоюу маселесинин чечилбегендигинин айьшан өлүм жазасына кесилгендермыйзамдарды бузуу менен республиканын тергөө-изоляторлорунда кармалат,бул алардагы оперативдүү абалды кыйла татаалдаштырат. Кырдаалды мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан кылмыш-жазасаясатынын жазалоочу багыты да курчутуп жиберди. 1991-жылы өлкөнүнпенитенциардык мекемелеринде болжол менен 8,5 мињ адам камактакармалган. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын пенитенциардыкмекемелеринде камакта 16000ден ашуун адам бар, түрмолүк ипдекс өлкөнүн100000 адамына алып караганда камактагы 316 адамды гүзөт жааа булкөрсөткүч боюнча республика дүйнөдө 32-орунду ээлейт. Кургак учукбоюнча түзөтүү колонияларындагы эпидемиологиялык оор кырдаалды жанакамактагыларга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча жетишсизиштерди эсепке алганда камакта мынча адамды кармоо мамлекет үчүн мате-риалдык, ошондой эле моралдык пландан алып караганда да пайдасыз. Жаза аткаруу системасын реформалоонун улуттук программасын иштепчыгуу зарылдыгы бышып жетилди, анда системадагы орун алган бардык проблемалар жана аларды чечүү жолдору чагылдырылууга тийиш. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык
мыйзамынын 12-статьясын жетекчиликке алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмотү токтом кылат: 1. Кылмыш жазаларын аткаруу, камактагыларды кармоо режимин, алардыиш менен камсыздоону уюштуруу, коммуналдык-тиричилик жана медициналыкжактан камсыздоо, аларды тарбиялоо иштерин жүргүзүү боюнча КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкыбашкармалыгынын иши канааттандырарлык эмсс деп табылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2010-жылга чейинмезгилде жаза аткаруу системасын реформалоонун улуттук программасын2006-жылдын 20-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги КыргызРеспубликасынын Экономика жана финансы министрлиги менен бирдикте: - "Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдинмөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-январындагы № 4
Жарлыгына ылайык өзгөчө жаза чараларына өкүмкылынган адамдар үчүн колонияларды курууга же реконструкциялоогофинансы каражаттарын бөлүүнү кароо менен "Өзгөчө жаза чараларынасоттолгон адамдарды кармоо шарттарын жакшыртуу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна киргизсин; - төмөнкүлөр үчүн бюджеттик каражат бөлүү жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин: - камактагылардын жазаларды өтөө шарттарын дифференциялоонукамсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу
кодексинеылайык демейдегидей жана катуу шарттарда жаза өтөө үчүн түзөтүүмекемелериндеги жайларды жабдуу үчүн; - түзөтүу мекемелерин кайтаруунун инженердик-техникалыккаражаттарын, жаза-аткаруу системасынын атайын жана оперативдүүавтомашиналар паркын жањылоо үчүн. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте пенитенциардыкмекемелерде камактагылар жапырт баш ийбеген, ошондой эле тополоњчыгарган учурларда атайын операцияларды жүргүзүүнүн биргелешкен планыништеп чыксын жана аны алдын ала Кыргыз Республикасынын Башкыпрокуратурасы менен макулдашсын. 5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инснекциясыКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкыбашкармалыгынын мекемелеринин негизги иштери боюнча 1993-жылдан беритоптолгон бюджетке негизги карыздарын, ага эсептелген финансылык жанаайып санкциялары боюнча карыздарын эсептен чыгаруу боюнча сунушкиргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, КыргызРеспубликасынын Экономика жана финансы министрлиги, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруукодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында каралган түзөтүү мекемелерине объекттерди куруу жанареконструкциялоонун план-графигин 2006-жылдын 1-июнуна чейин иштепчыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин. 7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КыргызРеспубликасынын Экономика жана финансы министрлиги, КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасын реформалоо процессине тике инвестицияларды,гранттарды тартуу боюнча чет өлкөлөрдүн элчиликтери, эл аралык уюмдаржана башка донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - 2006-жылга бюджетти түзүүдө "Жаза-аткаруу системасынын органдарыжана мекемелери (пенитенциардык) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык 2006-жылдын 1-январынан тартып жаза-аткаруусистемасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүүнү карасын; - жыл сайын республикалык бюджеттерди түзүүдө КыргызPeспубликасынын жазык-аткаруу системасына финансы каражаттарын толуккөлөмүндө бөлүүнү карасын. 9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин жаза-аткаруу инспекцияларын Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармадыгынынкарамагына өткөрүп берүү маселесин изилдесин. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштерибоюнча бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппаратынын реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлордуукуктук жактан камсыздоо башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов