Загрузка документа…
21. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан мамлекеттик менчикке төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жайгашкан, идентификациялык коду 2-03-02-0001-0571, жалпы аянты 199,1 га жер участогун;
2) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Шайыбек Ата айыл аймагында жайгашкан, идентификациялык коду 2-03-03-0004-0452, жалпы аянты 70,5 га жер участогун.
22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана алардын рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.
33. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындыгы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту)