КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-марты № 142 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштериКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2005-жылга Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы жөнүндө" 2005-жылдын 18-мартындагы № 136
токтому менен бекитилген 2005-жылга КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына, ошондойэле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген программаларга, пландарга жана иш-чараларга ылайык жүргүзүлгөн. 2005-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы 38 мыйзам долбоорунишке ашырууну карап, аларды ишке ашырууга 20 министрлик жана ведомствотартылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 19-августундагы № 387,
2005-жылдын 28-декабрындагы № 625 жана
2006-жылдын 30-январындагы № 49токтомдору менен 2005-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планынаөзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык 2005-жылга пландаштырылган 7 мыйзамдолбоорун иштеп чыгуу алып салынган, 1 мыйзам долбоору боюнча аткаруумөөнөтү 2005-жылдын экинчи жарымына которулган. Ошентип, азыркы убакта иштеп чыгууга пландаштырылган 31 мыйзамдолбоорунан: 1 мыйзам кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна 12 мыйзам долбоору жиберилип, алардан КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен 9 мыйзам долбооружактырылган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планын аткаруу иштери өлкөдөгү болуп өткөн окуяларга жанамамлекеттик бийлик органдарынын структурасындагы өзгөрүүлөргөбайланыштуу оорлошконун белгилей кетүү керек. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетинаткаруучунун "Кыргыз Республикасынын коопсуздук жагындагы мамлекеттикбашкаруусун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 23-майындагы № 183
Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Чегара кызматыКыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегарааскерлерине өзгөртүлүп кайра түзүлгөн. Мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планынан иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынабекитилип берилген эки мыйзам долбоорун чыгарып салууга негиз болгон. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жањы түзүмүнбелгилеп, ага 13 министрлик жана 2 комитет кирген. КыргызРеспубликасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги,Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз РеспубликасынынӨнөр жай, соода жана туризм министрлиги өзгөртүүлөргө дуушар болгон.Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана КыргызРеспубликасынын Миграция жана иш менен камсыздоо боюнча мамлекеттиккомитети өзгөртүлүп кайра түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнчамамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө"
2005-жылдын 30-сентябрындагы №419 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуукагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия өзгөртүлүп кайра түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынынмамлекеттик башкаруу органдарынын структураларын өркүндөтүү жөнүндө"
2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 Жарлыгы менен Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматы өзгөртүлүпкайра түзүлгөн. Аталган Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет, КыргызРеспубликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондукөнүктүрүү иштери боюнча министринин кызматы, ошондой эле мамлекеттиккомиссиялар жоюлган. Мамлекеттик органдардагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу иштелипчыккан жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынкароосуна жиберилген мыйзам долбоорлорун кайра макулдашуу зарылдыгыкелип чыккан. Көрсөтүлгөн жагдай жана мамлекеттик органдардын иш милдеттери мененыйгарым укуктарынын өзгөрүшү, ошондой эле мамлекеттик органдардагыкадрдык өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планын аткарууга терс таасир тийгизди. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жалпы элдик талкуулоотууралуу" 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 544
Жарлыгына ылайык "КыргызРеспубликасынын
Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жалпы элдикталкууга чыгарылган жана жарыяланган, бул да 2005-жылга КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планындакаралган айрым мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуунун максаттуулугунатаасир тийгизди. Мыйзам чыгаруу процессине катышуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүниш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планы,кыйла маанилүү жана сыйымдуу мыйзам актыларынын долбоорлорун иштепчыгууну карашы керек. Ошону менен бирге мындай талап Кыргыз Республикасынын Президентининтапшырмалары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн рекомендациялары, өздөрүнүн демилгеси боюнчаже Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жагындагыжүргүзүлүп жаткан иштеринин чектеринде мыйзам долбоорлорун пландантышкары даярдоону да жокко чыгарбайт. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын биринчи жарымындамыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жанаминистрликтердин, мамлекетгик комитетгердин, администрациялыкведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын нормативдерди чыгарууиштерин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлиги жүргүзүп жаткан иштер тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн
2002-жылдын 20-сентябрындагы № 639 токтому мененминистрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялыкведомстволорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планына колдонуудагы мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнүкараган көп сандагы мыйзам долбоорлорун киргизүүдөн четтөө, ошондойэле тез арада мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу маселелердиоперативдүү чечүү мүмкүндүгүнөн ажыратуу менен мыйзамдардындењгээлинде айрым маселелерди жөнгө салууга аракет кылууну жоюутапшырылган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталгантоктому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдолбоорлоо иштеринин регламентинде коюлган негизги талаптардын бириплан долбооруна киргизүү үчүн сунуш кылынган мыйзам долбоорлорун иштепчыгуу боюнча министрликтердин, мамлекеггик комитеттердин жанаадминистрациялык ведомстволордун сунуштарына карата мыйзам долбооруништеп чыгуунун зарылдыгын негиздөө жана анын концепциясын берүүсаналат. Мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыктуулугун такнегиздөөнүн жоктугу да кийин Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынанмыйзам долбоорун иштеп чыгууну чыгарып салууга негиз болот. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялыкведомстволор үчүн мыйзам долбоорлоо иштеринин негизги багыттарынынбири адамдардын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоогобагытталган мыйзам долбоорлорун, финансы-экономикалык мүнөздөгү мыйзамдолбоорлорун тезинен укуктук камсыздоону талап кылуучу коомдукмамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорун биринчикезекте кароо зарыл болгон мыйзам долбоорлорун Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизүү максатындамыйзам долбоорлоо иштерин кылдат талдоо жүргүзүү жана пландаштырууболуп саналат. 2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын18-мартындагы № 136 токтомунда 2005-жылга Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык иштелип чыгуугатийиш болгон, ошондой эле мурдагы пландарга ылайык жана пландантышкаркы мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанкиргизилген мыйзам долбоорлору боюнча квартал сайын маалымат берүүкаралган. Бирок, буга карабастан маалымат берүүнүн талаптарын жанамөөнөттөрүн бузуулар орун алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштерининпланына киргизүү үчүн сунуш кылынган мыйзам долбоорлор боюнчасунуштарды берүүдө да мөөнөттөрдү бузуу орун алган, ал КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинеылайык министрликтер жана ведомстволор тарабынан КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигине ошол жылдын 20-ноябрынанкечиктирбестен берилүүгө тийиш болчу. Сунуштарды өз учурунда бербөөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планынындолбоорун киргизүү мөөнөттөрүн тийиштүү түрдө бузулушуна алып келет. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана ведомстволор тарабынанКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде жүргүзүлгөн иштерге карата2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин кароосуна 98 мыйзам долбоорукиргизилип, алардын 39у кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Өз ара аракеттенүүнү жана мыйзам чыгаруу иштеринин абалы жөнүндөмаалымдуулукту жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын иштелипчыгуучу нормативдик укуктук актыларынын маалыматтарынын электрондукбазасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 26-июлундагы № 318 токтому менен коомдук талкуулоо үчүн КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырууменен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде иштелип чыгуучунормативдик укуктук актыларынын долбоорлорунун маалыматтарынынэлектрондук базасы түзүлгөн. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялыкведомстволорго Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинемакулдашууга жиберилүүчү нормативдик укуктук актылардын долбоорлоружөнүндө маалыматты анын базасында жайгаштыруу тапшырылган, бугаалардын тексттерин маалыматтар базасынын бардык каралган формаларынтолтуруу менен электрондук форматта жайгаштыруу, ошондой элеюридикалык кызматтардын (бөлүмдөрдүн) жооптуу кызматкерлеримаалыматтар базасын кароо жана жањылоо, иштелип чыгуучу нормативдикукуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтар базасына маалыматкиргизүү үчүн ага жеткиликтүүлүгүн камсыздоо кирет. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзамдолбоорлорунун маалыматтык базасын ишке киргизүү маселеси боюнчамамлекеттик органдардын иштерин координациялоо жагындагы иштердижүргүзүүдө. Аталган база иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлору боюнчамаалыматтарды алышуу булагы катары кызмат кылат жана мыйзам чыгарууиштеринде оперативдүү өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары мыйзам долбоорлорунун көрсөтүлгөн базасынын максатыпландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тартипке келтирүүболуп саналат, анткени тиешелүү жылдарга мыйзам долбоорлоо иштерининпланынан тышкары бир катар ар кандай программалык иш-чаралар (КыргызРеспубликасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнчечимдери менен бекитилүүчү программалар, иш пландары, матрицалар,концепциялар) кабыл алынып, аларда ар кандай мыйзам долбоорлорун иштепчыгуу каралат. Эреже катары аталган программалык иш-чараларда тиешелүүжылга республика үчүн артыкчылыктуу, маанилүү мыйзам долбоорлорундаярдоо каралат. Ошондой эле маалыматтар базасын пайдалануу, идентификациялыкаталыштарды берүү жана аларга кирүү үчүн паролдорду билүү боюнчамамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу жагындагы иштержүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда демилге кылынган жанаКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилген, 2005-жылы өздөрүнүн актуалдуулугун жоготкон мыйзам долбоорлорун жүргүзүлгөнталдоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "КыргызРеспубликасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө"
2005-жылдын 17-июнундагы № 240 жана "Кыргыз Республикасыныннормативдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуужөнүндө"
2005-жылдын 1-июлундагы № 277 токтомдору кабыл алынган. Бултоктомдор менен 1997-жылдан 2004-жылды кошо алганда ага чейинкимезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан мурда жиберилген 140 мыйзам долбоорукайра суралып алынган жана күчүн жоготту деп табылган. Нормативдерди чыгаруу иштерин координациялоо маселелериминистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук нормативдикукуктук актыларын мамлекеттик каттоо жүргүзүү аркылуу КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлиги тарабынан ишке ашырылат. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордукаппаратына мамлекеттик каттоого 259 нормативдик укуктук акты берилип,алардан 158 акты катталган, 93 акты нормативдик укуктук актылардыдаярдоо жана мамлекеттик каттоо эрежелеринин талаптарына жооп бербегенкатары мамлекеттик каттоодон баш тартылып, кайтарылып берилген. 8 актыбоюнча нормативдик укуктук актыларды мамлекеттик каттоо күчүн жоготтудеп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигининприказы кабыл алынган. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 54-статьясына ылайык министрликтерменен ведомстволордун ведомстволор аралык мүнөзгө ээ нормативдикукуктук актылары юстиция органдарында каттоодон өтүүгө тийиш. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынанминистрликтер менен ведомстволордун нормативдик укуктук актыларынмамлекеттик каттоо предметине текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2004-жылдын январынан тартып 2005-жылдын июнуна чейинки мезгилде кабылалынган жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон, бирокбелгиленген тартипте катталбаган 151 акты аныкталган. Ар кандай дењгээлдеги нормативдик укуктук актылардын ортосундагыкарама-каршылыктарды четтетүү жана аларды Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык келтирүү предметине нормативдик укуктук актылардыинвентаризациялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынөркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларынинвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2005-жылдын ичинде 3 заседание өткөрүлүп, аларда жалпысынан 27 нормативдикукуктук актылардын долбоорлору, анын ичинен Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын 21 долбоору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнтоктомдорунун 5 долбоору, Кыргыз Республикасынын Президентининжарлыгынын 1 долбоору каралган жана жактырылган. Кыргыз Республикасынын министрликтеринен жана ведомстволорунанКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келип түшкөн мыйзам долбоорлору менеништөөнү өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында нормативдикукуктук актыларды дайыма инвентаризациялоо жүргүзүү механизмдеринөркүндөтүү жана "Кыргыз Республикасында администрациялык реформалардыандан ары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн
2004-жылдын 29-июлундагы № 566 токтомун аткаруу максатында"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынинвентаризациялоо боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобону бекитүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 5-февралындагы№ 47 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 11-февралындагы № 75токтому менен Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынКыргыз Республикасынын кабыл алынган мыйзамдарына жана КыргызРеспубликасынын түзүлгөн эл аралык келишимдерине ылайык келтирүүбоюнча иштердин эрежесин бекитүүнү караган өзгөртүү киргизилген. Нормативдерди чыгаруу иштерин андан ары өркүндөтүү максатында жана"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын
Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин тиркелген планы бекитилсин. 2. 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планы боюнча аткарылышына жооптуу министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, администрациялык ведомстволор: - тиркемеге ылайык белгиленген форма боюнча ушул токтомдунаткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигине квартал сайын, отчеттон кийинки айдын 5иненкечиктирбестен маалымат берип турушсун; - мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук планынатөмөнкүлөрдү сөзсүз көрсөтүү менен аны бекитишсин: мыйзам долбоорлорунун аталышынын жана аларды иштеп чыгуу негизин; аткарууга жооптуу структуралык подразделениенин аталышын жана тењаткаруучулардын тизмесин; жетекчинин орун басарынын (биринчи орун басарынын), ошондой элемыйзам долбоорлорун даярдоого түздөн-түз катышкан адистин аты-жөнүн; мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча тењ аткаруучулардын тизмесин; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзам долбоорлорун киргизүүмөөнөттөрүн; аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кабыл алуусунунболжолдонгон мөөнөттөрүн; - мыйзам долбоорлоо иштеринин бекитилген ички ведомстволукпландарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки жумалыкмөөнөттө беришсин. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ар бир жарым жылдынжыйынтыгы боюнча 2006-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдолбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө отчет берсин. 4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялыкведомстволор: - тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планына сунуштарды түзүүдө мыйзам долбоорлоо иштеринкылдаттык менен талдоо жана пландоо жүргүзсүн жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентининталаптарына ылайык сунуштарды беришсин; - колдонуудагы нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунупландан тышкары ишке ашырышсын. Кыргыз Республикасынын мыйзамактыларына түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун даярдоодобир мыйзам долбоорунда бир нормативдик укуктук актыга ганатүзөтүүлөрдү киргизүүнү карашсын; - мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүкиргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алууну камсыздоо боюнча ЖогоркуКењештин ишине катышуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигине квартал сайын, отчеттон кийинки айдын 10унанкечиктирбестен маалымат берип турушсун. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын18-мартындагы № 136 токтому; - "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын18-мартындагы № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 19-августундагы № 387 токтому; - "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын18-мартындагы № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 28-декабрындагы № 625 токтому; - "2005-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлооиштеринин планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын18-мартындагы № 136 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 30-январындагы № 49 токтому. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттикпрограммаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздообашкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинежүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов