Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-марты № 171 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Укук бузуулардын жана (же) контрабандалык кылмыштардын куралы же объектиси болуп эсептелген буюмдарды сатуудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө "Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча кошумча чараларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-ноябрындагы №511 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Укук бузуулардын жана (же) контрабандалык кылмыштардын куралыже объектиси болуп эсептелген буюмдарды сатуудан республикалык бюджеткетүшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускама бекитилсин. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө, финансы башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Эко-номика жана финансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов