Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 171
токтому менен бекитилген Укук бузуулардын жана (же) контрабандалык кылмыштардын куралы же объектиси болуп эсептелген буюмдарды сатуудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча НУСКАМА 1. Жалпы жоболор Бул Нускама "Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча кошумчачаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-нояб-рындагы № 511 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана укук бузуулардын жа-на (же) контрабандалык кылмыштарды жасоонун каражаты же түздөн-түз объ-ектилери болуп эсептелген, фискалдык жана (же) укук коргоо органдарытарабынан тартылып алынган, жазык иштери жана администрациялык укук бу-зуулар жөнүндө иштер боюнча соттун чечиминин негизинде мамлекеттин мен-чигине өткөрүлгөн буюмдарды сатуудан республикалык бюджетке түшкөн ка-ражаттарды (мындан ары - аныкталган контрабандалык каражаттарды)бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт. 2. Укук коргоо жана фискалдык уюмдар тарабынан которулуучу кирешелерди эсепке алуу Мамлекеттин кирешесине конфискацияланган буюмдарды сатуудан түшкөнкаражаттар "Аныкталган контрабандадан түшүүнүн" дењгээлине карата мам-лекеттик органдын катталган жери боюнча казыналыктын региондукбөлүмдөрүнүн транзиттик эсептери аркылуу республикалык бюджеттин кире-шесине толугу менен чегерилет. 3. Фискалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле укук бузуулардын же контрабандалык кылмыштардын фактылары жөнүндө билдирген адамдарды сыйлоо үчүн каражаттарды которуунун тартиби 3.1. Укук бузууларды жана (же) контрабандалык кылмыштарды жасоонункаражаты же түздөн-түз объектиси болуп саналган жазык иштери жана адми-нистрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттун чечиминин неги-зинде мамлекеттин менчигине которулган буюмдарды сатуудан республикалыкбюджетке түшкөн каражаттар төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: - 20 пайызы республикалык бюджетте калат; - 80 пайызы контрабанданы аныктаган жана аларды саткан укук коргоожана фискалдык мекемелердин бюджеттик эсептерине, "Башка чыгашалар"статьясына которулат. 3.2. Укук коргоо жана фискалдык уюмдар алынган каражаттардытөмөндөгүдөй түрдө бөлүштүрөт: - 10 пайызы укук бузууларды же контрабандалык кылмыштарды кармоо-го, териштирүүгө жана анын бетин ачууга катышкан укук коргоо же фискал-дык органдардын кызматкерлерин сыйлоого багытталат, андан Кыргыз Рес-публикасынын Салык кодексине ылайык төлөм булагынан киреше салыгы кар-малат; - 70 пайызы контрабанда чөйрөсүндөгү укук бузуулардын же кылмыш-тардын фактылары жөнүндө билдирген адамдын банкта ачылган эсептешүүэсебине которулат, андан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайыктөлөм булагынан киреше салыгы кармалат. 3.3. Аныкталган контрабандадан каражаттарды чегерүүнүн суммасына"Башка чыгашалар" статьясына карата кирешелер жана чыгашалар боюнчаплан жогорулатылат. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-нистрлигинин Борбордук казыналыгы аталган каражаттарды контрабанданыаныктаган жана аларды саткан, укук коргоо жана фискалдык органдардынбюджеттик эсебине, "Башка чыгашалар" статьясына которот. 3.4. Укук бузууларды жана (же) контрабандалык кылмыштарды кармоо-го, териштирүүгө жана аны ачууга катышкан укук коргоо же фискалдык ор-гандар кызматкерлерине, ошондой эле контрабанда чөйрөсүндөгү укук бузу-улардын же кылмыштардын фактысы жөнүндө билдирген адамдарга сыйлыкберүү жөнүндө ведомство ичиндеги жоболорду иштеп чыгышат жана алардыКыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макул-дашат. 4. Отчеттуулук Укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлерин, ошондой элеукук бузуулардын же контрабандалык кылмыштардын фактысы жөнүндө билдир-ген адамдарды сыйлоого багытталган каражаттар боюнча отчеттуулукту укуккоргоо жана контролдоочу бюджеттик мекемелер жана уюмдар белгиленгенказыналык жол-жоболорго ылайык ишке ашырышат. Кызматкерлерди жана конт-рабанда чөйрөсүндөгү укук бузуулардын же кылмыштардын фактылары жөнүндөбилдирген адамдарга төлөнгөн сыйлыктардын суммасы боюнча отчеттордуберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-рлигинин буйругу менен бекитилген мезгилдүү, кварталдык жана жылдык от-четторду берүүнүн белгиленген графигине ылайык аныкталат.