КҮЧҮН ЖОГОТТУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-декабрындагы №833
токтомуна ылайык) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-марты № 199 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу жөнүндө Ош, Баткен, Жалалабат облустарын цемент жана шифер менен камсыздоожана республиканын экспорттук потенциалын арттыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомунун Ош облусунун Ноокатрайонунда долбоордук кубаттуулугу жылына 1800 мињ тонна цемент жана 185млн. шарттуу такта шифер болгон цемент-шифер заводун куруу долбоорунишке ашыруу жөнүндө сунушу жактырылсын. 2. Цемент-шифер заводдун курулушу "Ак-Сай-Цемент" жабык акционер-дик коомунун өздүк каражаттарынын, ошондой эле ал алчу кредиттик кара-жаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү катышпастан каржыла-наары белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы цемент-шифер заводдун курулушуна арналып алынып келчү жабдуу-ларды, техниканы, транспортту, металл конструкцияларды, металл прокат-ты, арматура болотту, отко чыдамдуу материалдарды Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 27-майындагы № 391 "Кыргыз Республикасынынбажылык аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу технологиялыкжабдуунун жана окуу куралдарынын, илимий басылмалардын жана мектептикшаймандардын базалык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бажылыктариздесин. 4. Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрациялары2006-жылдын 1-июнуна чейин "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомунадолбоорго ылайык заводдун, карьердин, "Беш-Бурхан" көмүр шахтасынансырьеё жеткирүү боюнча транспортерлордун курулуштары үчүн, ошондой элекирүүчү темир жолдорду куруу жана эксплуатациялоо үчүн жерлерди берүүнүкамсыздашсын. 5. Жарандардын жер үлүштөрү долбоор боюнча "Ак-Сай-Цемент" жабыкакционердик коомуна берилчү жерлерге туш келип калган учурда алардыалуу (сатып алуу) Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 68-статьясынаылайык ишке ашырылары белгиленсин. 6. "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомунун өндүрүлгөн цементтин10 процентин монополияга каршы орган белгилеген баа боюнча, анын ичинен3 проценттен кем эмесин өздүк наркы боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кийинки бөлүштүрүүсү үчүн бөлүп берүү жөнүндө сунушуна макул-дук берилсин. 7. "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомуна: - цемент-шифер заводду электр менен камсыздоонун тышкы тармактарындолбоорлоону жана курууну "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачыкакционердик коому менен макулдашуу боюнча өздүк каражаттарынын эсебиненишке ашыруу; - Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун курууну2006-жылдын III кварталында баштоону камсыздоо; - курулушту долбоорлоо менен бир катарда жүргүзүү сунушталсын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов