Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 6-декабры №833 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ «Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 199 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-октябрындагы заседаниесинин №15 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1."Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу женүњде" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы №199 токтому кічін жоготту деп табылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомун күчүн жоготту деп табуу заводдун курулушуна тыюу салууга алып келбеши жана бул курулуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктарынын катарына кирбеши белгиленсин. 3.Тиешелүү облустук мамлекетгик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Ош облусунун Ноокат районунда "Ак-Сай" цемент" ЖАКынын цемент-шифер заводун курууга өз компетенцияларынын чектеринде көмөк көрсөтүүнү улантышсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов