Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2006-жылдын 3-апрели N 217
Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 619, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин бардык субъектилер милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттары бекитилсин:
- Балоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарты;
- Бизнести баалоо стандарты;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыймылсыз мүлктү баалоо стандарты;
- Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптар стандарты;
- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо стандарты;
- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарттары.