Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 28-октябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
3-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасында баалоо
иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө
колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо стандарты.»;
бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |