Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-октябры № 457
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин атайын эсебинин каражаттары
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги-
нин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, кадыресе иштеши үчүн
зарыл шарттарды түзүү, кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз
кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин атайын эсебинин каражаттары жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат жана туризм министрлиги
атайын эсептин каражаттарын ушул токтом менен бекитилген Жобого так ылай-
ыкта пайдаланууну камсыз кылсын.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 31-декабры № 759 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев