Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2007-жылдын 30-декабры № 640
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2015-жылдын 14-июлундагы № 492, 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2023-жылдын 24-июлундагы № 372 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Социалдык стационардык мекемелердеги жана реабилитациялоо борборлорундагы адамдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга карата зарыл болгон талаптарды аныктоо максатында, "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 372 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарынын сакталышын камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин интернат үйлөрүндө жана Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жала реабилитациялоо борборунун стационарында жаткандарга берилчү мамлекеттик минимум социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-февралындагы № 54 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин үй-интернаттарында социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик минимум стандартын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-февралындагы № 54 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-декабрындагы № 893 токтому;
- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтомунун 4-пунктунун төртүнчү абзацы;