Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 299
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелеринде социалдык ченемдерди актуалдаштыруу жана социалдык стационардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 12-статьяларына, «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) бюджеттин долбоорун түзүүдө социалдык стационардык тейлөө мекемелеринде жашаган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуунун минималдуу социалдык ченемдеринин сакталышын камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зарыл болгон финансы-экономикалык эсептөөлөрдү жөнөтсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык стационардык мекемелеринин жана реабилитациялоо борборлорунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн алуучуларды багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 492 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык чөйрөнүн мекемелеринде тамактануунун акчалай ченемдери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 372 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 «Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.