Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 5-декабры № 89
Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө
(КР 2002-жылдын 18-октябрындагы № 147, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224, 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Мыйзамдын максаты
Бул Мыйзам маалыматты ар кимдин эркин жана тоскоолдуксуз издөө, алуу, иликтөө, жаратуу, берүү жана жайылтуу укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдар
Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка мыйзам актыларынан турат.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга байланышкан өзгөчөлүктөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен да жөнгө салынат.
(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери
Ар бир маалыматка жетүү укугуна кепилдик берилет.
Мамлекет ар кимдин маалымат издөө, алуу, иликтөө, жаратуу, берүү жана жайылтуу укуктарын коргойт.
Маалыматка жетүүгө жана жайылтууга чек коюу мыйзам тарабынан гана белгиленет.
(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)