Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 18-марты № 87 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө жобону бекитүү тууралу "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери-нин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө тиркелген жобобекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин протоколдук формадагыкийим менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана четмамлекеттердеги мекемелеринин атайын каражаттарынын эсебинен камсыз кы-луу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигинин бюджетинде Кыргыз Республи-касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы үчүн ке-ректүү атайын каражаттарды караштырсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов